"Эркин-Тоо"

ФАНАТИЗМ МЕНЕН РАДИКАЛДАШУУНУН ОРТОСУ БИР КАДАМ

Ар ким өз түшүнүгү, өз дүйнө таанымы менен жашайт. Бүгүнкү күндө көчөлөрдө кара кийимге оронуп, көзүн гана ачылаар-ачылмаксан кылып кийинип алгандар да диндин, шарияттын туура жолундамын деп түшүнүшөт. Бирок исламда паранжы жамынып, айдай жүзүңдү жаап жүр деген насаат жок экенин канча кылымдар мурда исламды ислам кылган аалымдар деле жазып кеткен экен. Ага мисал катары түрк дүйнөсүндөгү аалым Имам Сарахсини мисалга тартсак болот. Бул туурасында малекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун айтканы бар.

Адамдын дүйнө таанымына сөзсүз сырткы таасирлер тийбей койбойт. Эгемендик жылдарында “компартия бийлиги тушунда атеизмге сугарылып, динден четтеп кеткен турбайбызбы” деп диний ырым-жырымдар ачык жасала баштаганы чын. Ушуну менен эле чектелсек кана? Демократиялык ачык өлкө болобуз деп тыштан ар кандай диний агымдардын жылып кирүүсүнө жол ачып бердик. Азыр салттуу ислам жолун кармангандар гана эмес, ар кандай соопчулук иштерге жамынган радикалдуу диний уюмдар жана башка дин миссионерлери дагы жерибизде байырлап, өз ишенимине жаштарды тартуу аракеттерин жасап жатышат жана жасап келишти. Айрым жаштарыбызды салттуу исламдан адаштырып, диндин фанаттарына айландырып алышканы да бүгүнкү диний кырдаалдан ачык эле байкалууда. Көчөлөрдө сакалын сапсайтып өстүрүп, узун көйнөк кийип алгандар мына ошолордун ишмердигинин жемиши. Бети-башын бүт жаап, оронуп алып жүрүшкөн жапжаш кыздарды коомдук жайлардан кадам сайын кездештирүүгө болот. Алар күндүн ысыгында кара кийимдин ичинде думугуп жүрүүгө да кайыл. Бул үчүн канчалык диндин фанаты болуу керек? Диндеги ашыкча фанатизм жакшы көрүнүш эмес. Фанатизмден кийинки эле кадам радикалдашуу десек болот. Бекеринен Франция, Голландия сыяктуу Европа өлкөлөрү гана эмес, биздин эле кошуна мамлекеттерде да паранжы, никаб же болбосо көзүнө гана жылчык калтырып, туташ кара кийимге оронуп алуу сыяктуу көрүнүштөргө мыйзамдык негизде тыюу салынып жаткан жери жок.

Бул маселе кыргыз парламентинде да көтөрүлүп жатат. Депутат Шарапаткан Мажитова жакында эле парламентте коомдук жайларда жүзүн жаап алган баш кийимдерди кийүүгө мыйзамдык негизде тыюу салуу маселесин көтөрдү. “Мындай мыйзам бизге керек. Азыр паранжы жамынгандар көбөйүп жатат. Жоолук салынсын, бирок жүзүн жаап албашы керек. Бул коркунучтуу”, — дейт ал. Депутат айым бул маселени буга чейин да көтөрүп келген. Апрель айында да парламентте бул туурасында айтып чыккан. Ал мамлекет тарабынан 100 миң сом өлчөмүндөгү социалдык колдоону тапшыруу үчүн барганда аны алгандардын көпчүлүгү көзүнөн башкасын бүт жаап, карага оронуп алгандар болгон. “Мындайлар Ошто көп. Дин башкармалыгы бул багытта иш алып барсын. Жоолук салынсын, бирок жүзүн көрсөтпөй жаап албашы керек” деген пикирин айткан. Депутат айым сунуш гана кылбастан аны өзү колго алуу мүмкүнчүлүгү да бар. Демек, сөздөн ишке өтүп, тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгууга неге болбосун. Чындыгында эле биздин өлкөдө да бул мыйзамды иштеп чыгуу маселеси эбак бышып, жетилген.

Кыргыздар байыртан эле паранжы кийип, жүзүн жапкан эмес. Сакал коюунун да өз эреже-ырааты болгон. Эркектери салбыраган узун көйнөк кийген эмес. Булардын баары эгемендик жылдарындагы демократиянын “жемиши”. Мындай кийимдерди кыргыздын эстетикалык кийим кийүү салтынан алыс болгону үчүн гана эмес, коопсуздук үчүн да көзөмөлгө алуу зарыл болууда. Чынында жүзү көрүнбөгөн кара сөлөкөттүн ичинде ким бар, эркекпи же аялбы ажыратуу деле кыйын. Балким анын ичинде террористтик акт жасаганы бараткан адам болушу да мүмкүн. Азыркы чалкеш заманда тигил же бул өлкөгө бүлүк салууну көздөгөн күчтөр жок деп айта албайбыз.

2015-жылдан бери Африканын Сенегал өлкөсүндө коомдук жайларда паранжы жана никаб кийүүгө тыюу салынган. Себеби, жергиликтүү террористтик уюмдун мүчөлөрү паранжанын жардамы менен теракт жасагандан кийин ушундай кадамга барышкан.

Түркия — алдыңкы мусулман мамлекеттеринин бири. 2013-жылы хиджаб кийүүгө тыюу салуу жоюлган, бирок жүзүн көрсөтпөй жаап алууга азыр да тыюу бар. Ал эми биздин жакынкы кошунабыз Өзбекстанда коомдук жайларда жүзүн жаап, өздүгүн көрсөтпөй турган кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзамды кабыл алышты. Казакстанда да бул маселе көптөн бери көтөрүлүп келет.

 

Бегим ТУРДАЛИЕВА

№73 “Эркин-Тоо” гезити

2023-жылдын 12-сентябры

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!