"Эркин-Тоо"

Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган 70 жаштагы жаранга 50 миң сом айып салынды

Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад облустук соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу  Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз  кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган.

Эске салсак, пенсионерди 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. 17-октябрда ал үй камагына чыгарылган. Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова «президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады» деген жүйө менен кармалганын билдирген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!