Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад облустук соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Салия Таштанова Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») менен күнөөлүү деп табылып, 50 миң сом айып салынган.
Эске салсак, пенсионерди 6-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин кызматкерлери кармаган. 17-октябрда ал үй камагына чыгарылган. Адвокат Токтосун Жоробеков Таштанова «президент менен УКМКнын төрагасынын абройуна шек келтирди, элге чакырык жасады» деген жүйө менен кармалганын билдирген.

