"Эркин-Тоо"

Феликс КУЛОВ: “Акылбек Жапаров гана президенттин тегерегиндегилердин сөзүнө кирбей, өз пикирин ачык айтып каршы чыккан”

Генерал-лейтенант Феликс КУЛОВ

(Башталышы гезиттин 14.03.23-ж. №19 санында)

— Феликс Шаршенбаевич, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен парламентте чогуу иштешип калдыңыз. Мамиле кандай болчу?

— Садыр Жапаров менен жакшы мамиледе болдук. Ал сотукук комитеттин төрагасы болсо, мен ошол комитетте мүчө элем. Комитетте иштегендердин бирөөсү да “Садыр Жапаров ушул адамды тигил жерге сот кылып дайындады” деп айта албайт эле. Ал мыйзам боюнча гана ишти алып барды. Менде дагы ага карата эч кандай кине болгон эмес. Аны алгач абакка олтургузганда тегерек үстөлдө сөз алып, Садырды колдоп сүйлөгөм. Чет жактан келатканда кармап кетишкенде, атасын күтүп алууга чыккан балдарын ур-тепкиге алып камашкан учурда дагы “Балдарды камоо туура эмес. Саясатка үйбүлөнү аралаштырбаш керек. Күрөшсөңөр жигитче күрөшкүлө” дегем. Органда иштеген балдарга “Балдарды камап эмне кыласыңар?” десем, “Бизге ушул айда бийликти алат деген маалымат түшкөн. Эгер митингге чыккандарга дагы 500 адам кошулганда, бизди ал жерден кууп чыгып салмак” дешкен.

— Камчыбек Ташиев дагы Садыр Жапаров менен чогуу камалбады беле. Андан кабар алгансызбы?

— Ооба, Камчыбек Ташиев камалганда УКМКнын СИЗОсуна баргам. Ошондо башкы прокурордун орун басары Жаныбек Салиев эле. Мен, Камчыбек Ташиев, Жаныбек Салиев анан нөөмөттөгү бала бар болчу. Жаныбек Салиевге “Камчыбек Ташиевди туура эмес каттагансыңар” десем, ал мага “Сен кимсиң…” деп жооп берген. Ошол жерден эле бетин талкалай ургум келген. Нөөмөтчүнүн көзүнчө прокурорду урганым туура эмес болуп калмак. Башымда чайкап бурулгам да, качандыр бир жолугарбыз деп чыккам. Андан кийин аны жумуштан бошотту. Ошентип бет маңдай чыккан жокпуз.

— Акыркы жолу Садыр Жапаровго, Камчыбек Ташиевге жолукканда кандай темада сүйлөштүңүз?

— Ташиев экөөбүз бир жыл мурун расмий жолукканбыз. Саясий тема жөнүндө сөз болбогон, система тууралуу гана пикир алышканбыз. Ал эми Садыр Жапаров менен 3 ай мурун жолуккам. Ошондо ага дагы “Садыр Нургожоевич, мен 5 жыл мыйзамсыз абакта олтурдум. Ким мыйзамсыз камалса, сөзсүз ошол тарапта болом. Бул кимдир бирөөлөргө жакпашы мүмкүн. Сиз камалганда дагы чындыкты айткам” деп айттым.

— Премьер-министр болуп турганыңызда Акылбек Жапаров каржы министри болуп сиздин командаңызда иштеди. Ошол учурда ал киши ХИПИК программасын сунуш кылып, коомчулук тарабынан сынга кабылды. Сиз да алгач ал сунушту колдоп, кийин айныдыңыз эле. Акылбек Жапаров сунуштаган ХИПИК программасы өлкө үчүн кандай зыян алып келмек?

— Акылбек Жапаров финансист катары ХИПИКти колдоду. Мен дагы колдогом. Эмне үчүн деген суроо жаралат да. ХИПИК бизге эч кандай зыян алып келмек эмес. Эл аралык каржы институттар биздин программаларды колдоого алсаңар деп талап гана койгон. Алардын талабы энерго сектордогу коррупция менен күрөшүү болчу. Бул жакшы сунуш. Баары ачык болушу керек деген. Бул дагы бизди канааттандырган. Силер тышкы карыздын үстөгүн төкпөйсүңөр, биз аны кечебиз, негизги сумманы гана төлөйсүңөр деп талап кылды. Бул дагы сонун талап. Бизди басмырлаган эч кандай талап койгон эмес. Каршы болгон активисттер “ХИПИК Африка өлкөлөрү үчүн программа. Биз Африка өлкөлөрүнө теңелип калдыкпы…” деп чыгышкан. Бул болбогон сөз. Өлкө, эл үчүн сонун эле программа болгон. Тышкы карыздын үстөгүнө төлөнчү сумманы өзүбүзгө алып калып, башка тармактарды көтөрүүгө жумшасак неге болбойт болчу. ХИПИКке каршы Ак үйдүн алдында митинг болгон. Карасам батышчыл балдар, батыштан каржыланган НПОлор. Аябай таң калгам. Кызматтан кеткенимден кийин эмне үчүн ХИПИКке каршы митинг болгону тууралуу маалымат алгам. Көрсө, маселе такыр башкада болгон экен. Ошол учурда “Манас” аэропортунда АКШнын “Ганси” аскердик базасы турган. Алар бизге 70 млн доллар төлөчү. Эгер биз ХИПИКти кабыл алсак, алардын акчасынын кереги жок болуп калмак. Батыш ушундан корккон. НПОлор “Ганси” аскердик базаны кетирбей сактап калуу үчүн митингге чыгышкан. Алар алысты божомолдогон экен. Курманбек Бакиевге киргенимде “Курманбек Салиевич, мен кызматтан кетип жатып ХИПИК программасына кол койбойм. Батышка премьер-министр катары ХИПИК программасына кол койбойм деп кат жазып жөнөтөм. Мен жоопкерчиликти албайм, келе турган башка адам жооп берсин. Мен кол коюп кеткенимден кийин силер карыздын үстөгүн төкпөй жыргасаңар, мени сынга салып бергениңер жигитчиликке жатпайт” деп айткам. Андан кийин дароо эле Батышка премьер-министр катары ХИПИК программасынан баш тартам деп кат жазып жолдогом.

— Биринчи революциядан кийин Акылбек Жапаров менен чогуу бир командада иштеп калдыңыз. Сизди кызматтан алуу “саясий оюн” менен коштолгон. Ошол учурда Акылбек Жапаров гана өз пикирин ачык айтып чыкканын билем. Ошондогу окуя кандай болгон болчу?

— Көпчүлүк Акылбек Жапаровду жакшы биле бербейт. Ал күчтүү экономист, мыкты кадр экени талашсыз. Ошол эле учурда ар дайым өзүнүн көз карашын, пикирин ачык айткан жайы бар. Муну чогуу иштешип жүрүп билген адам катары айтып жатам. Мен премьер-министр болуп бекигенге чейин эле Акылбек каржы министри болуп дайындалган эле. 2006-жылы кабыл алынган Конституция боюнча эгер Өкмөт отставкага кетсе жаңы Өкмөттүн курамын Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы түзөт деп каралган болчу. Айрым депутаттар “Сиз парламенттин мөөнөтү бүткүчө иштей турган премьер-министрсиз. Эгер сизди отставкага кетире турган болсок, өзүбүз да тарашыбыз керек. Биз өзүбүздү таратканга барбайбыз да” деп күлүп калышчу. Бир күнү Курманбек Бакиев чакырып калды. Барсам биринчи орун басарым Данияр Үсөнов олтурат. “Бул парламент болбой калды, баарын тормоз кылып жатат. Жаңы парламент керек. Ошондуктан, менин сунушум Өкмөт отставкага кетели…” деп айтып калды. Ага чейин эле бул маселе макулдашылып, чечилип калганын дароо эле байкадым. Өзүмдүн орун басарым менден уруксат албай туруп ушундай сөздү айтып жатканы ыңгайсыз абалга калтырды. Президенттин алдында уруша албайсың да. “Эмнеге мындай вариантты сунуштап жатасың?” деп сурадым. “Элдин жыргалчылыгы, прогресс, келечек үчүн” деп жооп берди. Мен азыр эле ачык айтайын, кызматка жармашпайм, отставкага кете берем, алгач парламентке барып депутаттарды өзүн-өзү таратканга көндүргүлө, кол чогулткула дедим. “Депутаттар көнүшөт, үчтөн экиси кол коюп беришет” деген. Жыйынтыгында депутаттардын үчтөн бир бөлүгүнө араң кол койдурушуп келишип, “Болгону ушул, калгандары колдобой жатат” деди. Эми Өкмөттүн курамы боюнча өзүңөр чечим кабыл алгыла дедим. Президент министрлердин баарын макул кылып койгон экен, “Отставкага кетебиз” деп чыгышты. Бир гана Акылбек Жапаров президенттин тегерегиндегилердин сөзүнө кирбей, “Бул туура эмес. Эч кайда кетпешибиз керек. Иштейбиз деп келдикпи, иштейли” деп өз пикирин ачык айтып каршы чыкты. Анда ушундай учурда өз көз карашын ачык айткан мүнөз бар.

— 2010-жылы дагы бир команда болуп шайлоого чогуу аттанып, парламентке депутат болуп шайланып келдиңиздер. Бүгүн болсо Акылбек Жапаров Министрлер Кабинетин жетектеп олтурат. Өзүнө жүктөлгөн милдетти толук аткарып жатабы?

— 2010-жылы парламенттик шайлоо алдында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир команда болгонбуз. Анда өлкө үчүн бир нерсе жасасам деген максаты, өзүнүн экономикалык программасы бар. Чогуу депутат болуп шайланып келдик. Акылбек андан кийин да саясий жактан кыйла өстү. Моюнга алыш керек, анын шайлоодо жеңишке жетишкенге салымы чоң болгон. Бүгүн өлкөдө коммунизм эмес, дүйнөдө кризис болуп жатат. РоссияУкраинадагы абал сөзсүз бизге таасирин тийгизүүдө. Азыр Өкмөт жасап жаткан иштер абалга жараша келип чыккан зарылчылык. Дүйнөлүк экономикада өзгөрүү болуп жаткан оор шартта иш шыр кетпейт. Бүгүнкү Өкмөттүн жасап жаткан иштеринде оң жылыштар менен жетишпеген учурлары да бар. Бийликке ар дайым сын айтылып келген. Байденди, Макронду, Путинди дагы сындап жатышат. Сын айтпаган бир дагы саясатчы жок. Айтылган сындардын кайсынысы бийликтин өмүрүнө коркунуч алып келет деген башка маселе. Азыркы Өкмөттүн өмүрүн кыскарта турган олуттуу маселе жарала элек. Лениндин “Саясат – экономиканын топтолгон көрүнүшү” деп айтканы бар. Акылбек экономист катары иштерди аткарып, саясий аренага көтөрүлдү. Саясатчы болгонго аргасыз. Бир аз убакыт мурун анын макаласы “АКИpress” сайтында жарыяланды. Анда философиялык талдоолор дагы камтылыптыр. Ошол макаланы окугандан кийин мен үчүн дагы күтүлбөгөн ачылыш болду. Бир да жолу айтпаган ой жүгүртүүлөрдү жазыптыр. Демек, Акылбек экономист гана болбостон, мыкты саясатчыга айланды.

— Бийлик иштеш үчүн сын айтылыш керекпи же саясий абал мажбур кылабы?

— Турмуш бийликтегилер каалайбы, каалабайбы алдыга жылууга мажбур кылат. Бүгүнкү жетекчилер дагы алдыны көздөй жылууну гана ойлойт. Өлкө жетекчиси болгондон кийин сен өзүңө эле таандык болбой каласың.

Маектешкен Наралы АСАНБАЕВ
№20 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-марты

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!