20-22- майда Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилиги Кёнсанг-Нам провинциясынын Чангвон шаарында туристтик фестивалга катышып жатат. Фестивалда элчилик Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү, экспорттук потенциалы, экологиялык таза продукциялары (Ат-Башы балы жана кыргыз шоколады) тааныштырылууда. Элчилик кыргыз диаспорасы менен биргеликте фестивалдын көркүнө айланган улуттук боз үйдү тигилген. Элчилик тарабынан өлкөдөгү туризм жөнүндө видеотасмалар көрсөтүлүп, Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө буклеттер таратылууда. Фестивалга келген конокторкыргыз элинин каада-салты, көчмөн маданияты жана турмушу менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышып жатканын элчиликтен кабарлашты.