"Эркин-Тоо"

ФЕСТИВАЛДЫ УТУРЛАЙ ЭКИ ООЗ СӨЗ

Ушул жылдын 28-29-30-май күндөрү ордолуу Ош шаарында Кыргыз элинин улуу акыны Жолон Мамытовдун 85 жылдык мааракесинин урматына түрк дүйнөсүнүн жаш акындарынын поэзия фестивалы Эл аралык “ТүркСОЙ” уюму тарабынан уюштурулуп өткөрүлөрү айтылып келүүдө. Бул албетте ары мактанарлык, ары колго аларлык маселе. Фестивалда лауреаттар аныкталып, сыйлыктар тапшырылары да маалым болду. Демек, олуттуу мамиле жасалууга тийиш.

Фестиваль өтөрү маалым болгону менен, лауреаттар кандай критерийлер менен аныкталары, ары жагы Мажарстан, бери жагы Өзбекстандан фестивалга катышуу максатында келе жаткан түрк тилдүү жаш акындар кимдер?.. – деген мына ушул сыяктуу маселелер беймаалым калууда. Фестиваль өткөрүүнүн негизги максаты эмне? Уюштуруучулар фестивалга чакырылган түрк элдеринин акындарынын эч болбосо 2-3 ырын фестивалга катышып жаткан түрк тилдүү акындардын мамлекеттик тилдерине которуп тааныштырса калемгерлер бири-биринин ким экендигин, поэзияга болгон мамилесин, чыгармачылык дараметин аз да болсо көрүп, баалоо мүмкүнчүлүгү түзүлмөк. Күйөрмандар арасында да калыс пикир жаралмак.

Дагы бир айта кетчү ой, бул иш-чарага карата Жолон Мамытовдун ырларын окуп, интернет айдыңында, социалдык тармактарда улам көрүнүп жаткан кээ бир жаштардын ыр окуудагы дикциясын угуп, мимикасын карап отуруп баш чайкайсың. Кайран от сүйгөн орошон акын Жолондун ырлары!.. Ушуларга окшоп ырдын маани-маңызын түшүнбөй, ойкуштаган үн менен өз турпатын, өз жүзүн жарнамалап окуган кыз-кыркынга күнү түшүп калды беле дейсиң. Жолондун ырын окуй алгандар окушу керек! Анткени ал Жолондун ыры! Ыр окуунун өзүнүн маданияты бар го. Ыр окуганда ыр сабында жашап, ошол ырдын илебин, салмагын сезип, сездирип ыр окуунун ордуна, өз жүзүн жакшылап көрсөткүсү келип, ойкуштай берүүнүн кимге кереги бар?!

Аталган иш-чара өтөт дегенден бери дегеле, Жолон Мамытов жөнүндө кимдер, кандай эмгек жаратты болду экен? – деген суроонун айланасында маалыматтарды журналист катары кызыгып, карап отуруп таң калыштуу көрүнүштөргө күбө болдум. Жолон Мамытовдун чыгармаларын иликтеп, китеп жазып чыккан илимпоздордун эң эле бараандуусу Ризван Исмаилова экен. Ошол эң эле бараандуусунун “Үнү каткан улар” деген китебин барактаган окурман автордун Жолон Мамытовдун чыгармаларына, басып өткөн жолуна өтө эле жоопкерчиликсиз, кош көңүл жасаган мамилесин байкоого болот. “Үнү каткан уларды” окуган окурманга Ризван Исмаилованын Жолон Мамытовдун чыгармачылыгын терең анализдеп, баа берүүгө дарамет-деңгээли, ички даярдык көрөңгөсү жетпей койгону даана эле көрүнүп турат. Ал Жолон Мамытовду окурмандарга ачып бермек тургай, тескерисинче окурманды адаштырып, туңгуюкка кептеген. (“Үнү каткан улар” китебине болгон окурмандык объективдүү пикиримди өзүнчө кеңири жарыялайм.)

Биринчиден, Жолон Мамытов жөнүндө жазылган китепти “Үнү каткан улар” – деп атоонун өзү туура эмес! Жолон Мамытов “Үнү каткан улар” эмес! Жолон Мамытов – Улуу тоодо шаңшыган Бүркүт! Китептин аталышынан эле автордун Жолон Мамытовдун чыгармачылыгына болгон тайыз түшүнүгү, өзүнүн адабият айдыңындагы билим көрөңгөсүнүн чабалдыгы көрүнүп калган. Жолон Мамытов адабияттагы магма болуп кайнап турган Жанар тоо! Анын жанына чабал адабиятчы, илимпоз сөрөйлөр, “халтурщиктер” жакындаганда жөн эле күлгө айланып күйүп кетерин унутпашы керек! Жолон Мамытов – кемибес да, чайпалбас дүйнө. Жолон Мамытов – Ала-Тоо койнундагы Башат. Жолон Мамытов – поэзия ааламын ээлеп турган Мухит. Ал Кыргыз элинин, жалпы адамзаттын бактысына бир жаралган кайталангыс улуу талант! Анын жанына ким көрүнгөн жармашып бара берүүгө болбойт. Ага жакындаган сайын ар бир пенденин ким экени, артыкчылык, кемчилдиктери даана көрүнүп калат. Анткени ал нагыз поэзиянын барометри, адам-пенденин инсандык үлгүсү! А аталган фестиваль кандай деңгээлде өтөт, ага да өз кезегинде көрарман катары калыс пикирибизди билдиребиз.

Фестиваль Жолон Мамытовдун ысымы менен башталып жаткан соң, мазмунуна олуттуу мамиле жасалууга тийиш. Бул фестиваль – катардагы өтүп жүргөн “Жылдыздуу жээк” же “Өрүкзар” ж.б. поэзия фестивалы эмес. Жолон Мамытов – Чыныбай Турсунбеков эмес. Же дагы бир катардагы жазып жүргөн жазмакерлерден эмес! Ал кимдир бирөөнүн колдоосуна муктаж болбогон, кыргыз поэзиясынын Чолпон жылдызы, кыргыз поэзиясынын көз жетпеген бийиктиги, көзгө басар сыймыгы! “Кылымды жүз жашка толтурган” улуу талант!

Бахпурбек Аленов