"Эркин-Тоо"
Дүйнө Маданият

Филипп Киркоров кара тизмеге кирди

Украинанын Маданият жана маалыматтык саясат министрлиги Россиянын ырчысы Филипп Киркоровду кара тизмеге киргизди. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдап, Киркоровду кара тизмеге киргизүү тууралуу Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан кат келгенин билдирди. Маалым болгондой, бул тизмеге улуттук коопсуздукка шек келтиргендер киргизилет.

«Тиешелүү жарлыкка ылайык, Киркоров Филипп Бедросович 2021-жылдын 22-июнунан тартып расмий түрдө кара тизмеге кирди», — деп жазылат маалыматта.

Учурда Украинанын Маданият жана маалыматтык саясат министрлигинин кара тизмесинде 201 адам бар. 2015-жылдын августунда министрлик тизмени жаңыртып, Украинанын улуттук коопсуздугуна шек келтирген маданият тармагынын өкүлдөрүн киргизген, анын ичинде орусиялык ырчылар да бар. Тизмеде: Олег Газманов, Иосиф Кобзон, Валерия Перфилова (Валерия), Сергей Пенкин,Александр Розенбаум жана Юлия Чичерина бар. Тизме маал-маалы менен толукталып турат.