"Эркин-Тоо"
Дүйнө

Филиппин деңизинде жер титирөө болду

Филиппиндин Минданао аралынын чыгыш жээгинде күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу Россия Илимдер академиясынын Геофизикалык кызматына таянып Интерфакс жазды.

Европалык-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору зилзаланын күчүн 6,3 балл деп көрсөтүп, очогу 10 чакырым тереңдикте болгонун билдирди.

Азырынча жабыркагандар жана кыйроолор боюнча расмий маалыматтар жок.