"Эркин-Тоо"
Билим Жаңылыктар

Филиппинде өткөн олимпиададан окуучулар 2 коло медаль жеңип алышты

Кыргызстандын улуттук командасы Филиппиндин Кесон шаарында 20–27-июль күндөрү өткөн эл аралык биология олимпиадасында эки коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Олимпиадада «Сейтек STEM» мектебинин 10-классынын окуучусу Дмитрий Рубан жана United World International School мектебинин 12-классынын окуучусу Айбике Базарбаева коло медалга ээ болушту.

Кыргыз командасынын курамында төрт окуучу: Дмитрий Рубан, Нурсултан Увалиев (Ысык-Көл лицейи), Айбике Базарбаева жана Өмүрбек Русланбеков (Ч. Айтматов атындагы лицей) болгон. Алар Улуттук олимпиаданын тандоо турунун жогорку көрсөткүчтөрү боюнча тандалып алынган.

Команданы Эльбрус Тажибаев, Даян Мэлисов жана Бактынур Ажыбаев жетектеп барды.