"Эркин-Тоо"

Финансы министрлиги: 2022-жылы айлык акылар 200 пайызга чейин жогорулады

Кыргызстанда 2022-жылы айлык акылар 200 пайызга чейин жогорулады. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан эмгек акыларды жогорулатууда кошумча жылдык керектөөсү 32,2 млрд сомду түзгөн.

Эмгек акынын орточо өсүшү:

— билим берүү жана илим кызматкерлерине 180% чейин;

— медициналык кызматкерлерине 150% чейин;

— маданият, маалымат жана спорт кызматкерлерине 200% чейин;

— социалдык коргоо кызматкерлери 200% чейин;

— мамлекеттик жарандык кызматчылардын 181% чейин;

— муниципалдык кызматчылардын 177% чейин;

— мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматчылардын 172% чейин;

— техникалык тейлөөчү персоналдын 160% чейин;

— кенже тейлөөчү персоналдын 150% чейин;

— бош жалданган жана жарандык персоналдын айлык акысы 169% чейин.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура органдарынын системасынын кызматкерлерин кошпогондо, КР аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат үчүн үстөктөрдү жылдык эмгек акынын фондунун 80 пайызына чейин жогорулатуу каралган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!