"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Фискалдык программа киргизилген кафенин кирешеси 7 эсеге өстү

Салык кызматы фискалдык программалык камсыздоону (ФПК) колдонуу боюнча пилоттук долбоор жакшы жыйынтык берип жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, долбоорго 546 коомдук тамактануучу жай кошулган. Ошондой эле 880 ФПК интеграцияланган.

Бул жаңычыл ыкма киргизилгенден бери айрым тамактануучу жайларда киреше 7 эсеге чейин көбөйгөн. Мисалы, бир кафенин Z-отчётундагы күнүмдүк түшүү 45,5 миң сомдон 338,3 миң сомго чейин жогорулаган.

Катышкан ишканалар чыгымдардын азайганын, эсеп-кысап жана отчёт берүү иштеринин жеңилдеп, ачыгыраак болуп калганын белгилешүүдө.

Салык кызматы бул пилоттук долбоор санариптик чечимдердин натыйжалуулугун көрсөтүп, жакынкы аралыкта аны өлкө боюнча кеңири жайылтуу пландалып жатканын кошумчалады.