"Эркин-Тоо"
Дүйнө Жаңылыктар

Франция чылымга каршы жаңы чектөө киргизди

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунан тартып, Францияда коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук тыюу салынды. Бул боюнча өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги расмий билдирүү жарыялады.

Жаңы эрежелерге ылайык, балдар көп чогулган жерлерде тамеки тартууга болбойт. Тыюу салынган жайлардын тизмесине төмөнкүлөр кирет:

  • коомдук сейил бактар, бакчалар, кумжээктер;

  • автобустар менен поезд аялдамалары жана жабык күтүү зоналары;

  • мектеп, бала бакча, китепкана, бассейн, стадион жана спорттук жайлардын айланасы.

Буга чейин Италиянын Милан шаарында да коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салынган. Бул кадам абанын сапатын жакшыртуу жана жарандардын, өзгөчө жаш балдардын саламаттыгын коргоо максатын көздөйт.