"Эркин-Тоо"

Франция Кыргызстанга Pfizer вакциянасынын 20 миң дозасын берди

Франциянын өкмөтү Кыргызстанга Pfizer компаниясынын COVID-19га крашы 20 миң 160 дозасын берди.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул эмделген калк үчүн бустердик доза берүүгө багытталган глобалдык COVAX демилгесинин бир бөлүгү.

Вакциналарды өткөрүп берүү иш-чарасына Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жаулмес, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс катышты.

Ишенапысова Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө колдон келген жардамын көрсөтүп жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөргө Кыргызстандын калкынын эмдөөсүнө жана ден соолугун чыңдоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.