ӨКМдин маалымат кызматы Бишкек шаарында жайгашкан «Фрунзе» заводунан өрт чыкканын билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 8 бөлүм, өрт өчүрүүчү поезд жана штаб тартылды. Өрттүн аянты болжол менен 2000 чарчы метрди түздү.
Тилсиз жоо саат 05:15те толук өчүрүлдү. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.

