"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Фрунзенин үй-музейинде жаңы көргөзмө ачылат

Кыргызстандагы алгачкы музей болгон Михаил Фрунзенин Мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына карата 4-ноябрда саат 11:00дө акысыз «Палех көркөм искусствосундагы Фрунзенин келбети» аттуу көргөзмө ачылат. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Көргөзмөгө Палех чеберлери жараткан 14 миниатюралык иллюстрация коюлат. Ал сүрөттөр байыркы орус икона жазуу салтынын негизинде калыптанган Палех мектебинин ыкмасында тартылган.

Иш-чара Иваново облусунун РУСО бөлүмү жана Иваново шаарындагы Тарых жана жер таануу музейи менен кызматташтыкта өткөрүлөт. Көргөзмө Фрунзе көчөсү, 364 дарегинде жайгашкан үй-музейде өтөт.