"Эркин-Тоо"
Маданият

Фрунзенин 100 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт

Үстүбүздөгү жылдын 26-27-июнь күндөрү саат 9:00дө Бишкектеги “Park Hotel Bishkek” мейманканасында Михаил Васильевич Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган конференция өтөт.

 “Эстелик маданияты жана маданияттагы эстелик” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны Маданият министрлиги жана Михаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейи уюштурат.

Конференцияда инсандыктын тарыхтагы орду, саясий багыттагы музейлердин өнүгүшү, тарыхый мураска болгон мамиле жана маданий эс тутумду калыптандыруу маселелери талкууланат. Аны менен катар Фрунзенин жашап өткөн өмүрү, ишмердүүлүгү тууралуу да кеп козголот.