Кыргызстандын U-17 курама командасы Азия кубогунун тандоо турунда Гуамдын командасын 9:0 эсебинде жеңди.
Бул Кыргызстан командасы үчүн тандоо турундагы алгачкы жеңиш болду. Буга чейин команда Йеменге 0:2, Пакистанга 1:3 эсебинде утулуп, финалдык этапка чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготкон.
Гуамга каршы өткөн беттешке команданы Анарбек Ормомбеков даярдады.

