Forbes журналы дүйнөдөгү эң кымбат футболдук клубдардын рейтингин жарыялады. Ага ылайык Испаниянын «Барселона» клубу 1-орунга көтөрүлдү. Былтыр Испаниянын «Реал» клубу көч баштаган болчу. Тизмеге ылайык алдыңкы 5 команда төмөнкүдөй тартипте жайгашты:
1. «Барселона» (Испания) — $ 4,76 млрд
2. «Реал» (Испания) — $ 4,75 млрд
3. «Бавария» (Германия) — $ 4,21 млрд
4. «Манчестер Юнайтед» (Англия) — $ 4,2 млрд
5. «Ливерпуль» (Англия) — $ 4,1 млрд.