Бишкек шаарында өткөн «Мурас» достук мелдешинде «Аймактар» футболдук тайпасы жеңишке жетти. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Беттеште «Ден соолук» тайпасы «Ыйман» тайпасын 4:1 эсеби менен жеңип чыкты. Ал эми финалдык беттеште «Президенттин командасы» «Аймактар» менен кез келип, 3:4 эсеби менен жыйынтыкталды.
Финалдык беттештен кийин командаларды сыйлоо аземи өтүп, сыйлыктарды мамлекет башчысы Садыр Жапаров тапшырды. Турнирдин байге фонду 1 млн сомду түзүп, алдыңкы төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү.
«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
- I орун — «Аймактар» (400 миң сом);
- II орун — «Президенттин командасы» (300 миң сом);
- III орун — «Ден соолук» (200 миң сом);
- IV орун — «Ыйман» (100 миң сом).
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
— мыкты оюнчу — Молдокулов Эрик («Ыйман»),
— мыкты чабуулчу — Турусбеков Нурлан («Ден соолук», 7 гол),
— мыкты дарбазачы — Алимов Нурбек («Аймактар»).
Жеке номинациялардын ар бир ээси 50 миң сомдон акчалай сыйлык алышты.

