Бүгүн, 24-март күнү, футбол боюнча Катардын улуттук курамасы Кыргызстан-Катар беттешине катышуу үчүн Бишкекке келди. Катардын курама тобун Кыргыз футбол биримдигинин Вице-Президенти Дастанбек Конокбаев баштаган өкүлдөр тосуп алышты.
Белгилей кетсек, Кыргызстан-Катар беттеши 25-март күнү саат 19:45те Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо өтөт.