Бүгүн, 10-июнда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын (БАЭ) курама командалары футбол боюнча беттеш өткөрөт.
Беттешти Кувейттен келген калыстар тобу тейлейт. Башкы калыс катары Ахмад Алали дайындалып, ага Абдулхади Аланези менен Ахмад Абас жардам беришет.
Эске сала кетсек, буга чейин 5-июнда Кыргызстан Түндүк Корея менен беттешип, оюн 2:2 эсеби менен аяктаган.