Кыргыз Футбол Биримдиги социалдык тармактарда Манас шаарында 23 жашка чейинки оюнчулардан турган командалар үчүн Манас Кубогунун футболдук турнири башталгандыгын маалымдады. Беттешти Кыргыстандын Футбол Федерациясынын президенти Камчыбек Ташиев көрдү.
Турнирде Кыргызстан менен Бахрейндин курама командалары беттешти. Атаандаш тайпа алгачкы голду киргизди. Андан соң Арсен Шаршенбеков 30-мүнөттө эсепти теңесе, Антон Полев 42-мүнөттө гол киргизип, Кыргызстандын курама командасы 2:1 эсебинде жеңишке жетти.

