15-июлдан 23-июлга чейин Бишкек шаарында 23 жашка чейинки футболчулар арасында «Төрт улут» аталышындагы эл аралык турнир өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу кабарлады.
Мелдешке Кыргызстандын, Оман, Сирия жана Бахрейн мамлекеттеринин жаштар (U-23) курама командалары катышат. Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы стадиондо жана Беш-Күңгөй аймагындагы «Достук Аренада» өтөт.
Турнирдин өткөрүлүшү:
17-июль, биринчи тур:
-
Кыргызстан — Сирия (20:00, Дөлөн Өмүрзаков стадиону)
-
Оман — Бахрейн (20:00, «Достук Арена»)
20-июль, экинчи тур:
-
Кыргызстан — Оман (20:00, Дөлөн Өмүрзаков стадиону)
-
Сирия — Бахрейн (20:00, «Достук Арена»)
23-июль, үчүнчү тур:
-
Кыргызстан — Бахрейн (20:00, Дөлөн Өмүрзаков стадиону)
-
Оман — Сирия (20:00, «Достук Арена»)

