Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын биринчи жана экинчи айлампасы тууралуу сөз кылуудан мурда, анын ачылышы жана андагы стадиондор жөнүндө кыскача айта кетсек. Чемпионаттын ачылышына Катар өлкөсү философиялык терең ойдун, араб дүйнөсүнүн рухунун камтылышына аракет жасаганы көрүндү. Ал мурункуларга окшобогон оригиналдуулугу менен айырмаланды. Дүйнө көрөрмандары анын көркөмдүгүнө суктанышты. Мындагы көңүлдү айрыкча өзүнө бурган фактор бул чемпионатка атайын арналып курулган стадиондор. Алар көз жоосун алган кооздугу, келишимүүлүгү менен дүйнө жүзүн таң калтырды. Көз алдыбызга Египет пирамидалары элестегендей болду. Андагы 8 стадиондун ар бири дүйнөдөгү эң мыкты деген стадиондордон ашса ашат, кем калышпаганына күбө болуп отурабыз. Бул стадиондорду курууга Катар мамлекети 20 миллиард доллар өлчөмүндөгү рекорддук сумманы жумшап, дүйнөлүк футболдун аброюн көтөрүүгө салымын кошкон.
Мына ушундай стадиондордо болуп өткөн дүйнөлүк чемпионаттын эки айлампасындагы оюндар жогорку жыйынтыктар, тең чыгуулар жана күтүүсүздүктөр менен коштолду. Чемпионат талаа ээси Катар менен Эквадор өлкөсүнүн курама командаларынын беттешүүсү менен башталды. Албетте Катардын курамасы бул оюнга үлкөн даярдык жана чоң үмүт менен келгени белгилүү, бирок спортто ким күчтүү болсо ошол жеңет деген өзгөрүлгүс аксиома бар эмеспи. Ошондуктан Катар командасы Эквадордон 2:0 эсебинде утулуп калды. Муну моюнга алуу керек. Ал эми биринчи турда ойногон Нидерланды командасы менен Африка континентиндеги күчтүү командалардын бири катары саналган Сенегал командасынын беттешүүсүн экинчи тайм аяктап баратканга чейин көрүп отуруп, бул беттеш тең чыгуу менен аяктайт го деп ойлогонбуз. Бирок, оюндун аяк ченинде Нидерланды командасы эки голду биринин артынан бирин киргизип, жеңишти алып кетишти. Футболдо кээде кырдаалдын кандай өзгөргөнүн билбей да каласың.
Аргентина менен Сауд Аравиясынын командаларынын биринчи айлампадагы беттешүүсүнүн жыйынтыгы дүйнөлүк чемпионаттагы биринчи күтүүсүздүктү жаратты. Оюн башталганга чейин Аргентина Сауд Аравия командасын сөзсүз жеңет деген ишеничте болушкан. Бирок андай болбой калды. Сауд Аравиясынын командасы алгырлыгын көрсөтүшүп, Аргентинанын оңой-олтоң жеңип алышына жол беришкен жок. Ырас, Сауд Аравиялыктар биринчи таймда айып аянтчасында эрежени бузушуп, атаандаштарына 11 метрден тебүүгө мүмкүнчүлүк берип коюшту. Месси пенальтиден биринчи голду киргизди. Бирок балээни кайдан деп болобу дегендей экинчи таймда Сауд Аравиялыктар Аргентинанын дарбазасына эки голду киргизип салышты да коргонууга катуу өтүп алышты. Ошентип Сауд Аравиясы даңазалуу жеңишке жетишти. Ал эми биринчи айлампада ойногон Мексика менен Польшанын тең чыгуусу, Аргентина командасына аздыр-көптүр демкүч берди. Себеби тигилердин тең чыгуулары упай саноого келгенде мааниге ээ болот эмеспи.
Чепионаттын биринчи эле айлампасында футбол дүйнөсүнө чуулган салган экинчи окуя Германия менен Япониянын оюну болуп калды. Чынында бул беттешүүдө Германия утат деген ишеним күч болчу. Бирок оюндун жүрүшүндө жапан футболчулары бой жагынан алдырганы менен ылдамдык жана чеберчилик жагынан немец футболчуларына алдырышкан жок. Ырас, жапандар биринчи таймда кудум Сауд Аравиясыныкындай 11 метрлик айыпка жыгылышып калышты. Ошентип 1-0 эсебинде Германия алдыга чыккан болчу. Бирок жапан футболчулар ушунчалык жүрөктүү экен, Германия командасынын атак-даңкынан чочулашкан жок. Экинчи таймда Германиянын дарбазасынын алдына үстөккө-босток коркунуч жаратып туруп алышты. Акыры ушундай чабуулдардын биринде жапан оюнчусу Рацу Доан Германия командасынын дарбазасына гол киргизип эепти теңеди. Андан төрт минут өткөндөн кийин оюнга алмашып чыккан жапан чабуулчусу Такумо Асано немец командасына зор чеберчилик менен гол киргизип, командасын алга сүрөп чыкты. Жапандар жеңиш менен оюнду соңуна чыгарууга жетише алышты.
Биринчи айлампада эң ири эсепти көрсөткөн команда Испаниянын курамасы болду. Алар КостаРика командасын 7:0 эсебинде утту. Чынында Коста-Рика Латын Америкадагы акыркы команда эмес болчу. Болгону Испания курамасы жакшы оюн көрсөтүп койду. Дагы бир ири эсеп Англия – Иран менен беттешүүсүндө 6:2 эсебинде утту. Бирок ирандыктар 2 гол киргизип алганына аябай кубанышты. Чемпионаттын фавориттеринин бири болуп саналган Франциянын курамасы Австралия командасын 4:1 эсебинде, европалык дагы бир күчтүү командасы болуп саналган Бельгия Канаданын командасын 1 : 0 эсебинде утту.
Биринчи айлампада Дания – Тунис командалары 0 : 0 эсебинде, АКШ – Уэльс командалары 1:1 эсебинде, Хорватия – Марокко командалары 0:0 эсебинде тең чыгууларды камсыз кылышты. Өткөн жуманын аягында Швейцария – Камерун 1:0, Уругвай – Корея 0:0, Португалия – Гана 3:1, Бразилия – Сербия 2:1 эсебинде дүйнөлүк чемпионаттын биринчи айлампасын аякташкан болчу.
Андан кийинки чемпионаттын экинчи айлампасындагы беттешүүлөр да абдан курч мүнөздө өтүп, упай алгандар упай алганга, упай албай калгандар упай алуу үчүн аябагандай тырышышып оюн көрсөтүштү. Натыйжада 2-айлампадагы оюндар төмөндөгүдөй эсептер менен аяктады: Франция – Дания-2:1, Австралия – Тунис-1:0, Катар – Сенегал-1:3, Нидерланды – Эквадор-1:1, Уэльс – Иран-0:2, Англия – АКШ0:0, Польша – Сауд Аравиясы-2:0, Аргентина-Мексика-2:0, Япония– Коста-Рика-0:1, Испания – Германия-1:1, Бельгия – Марокко-0:2, Хорватия – Канада-4:1. Бул айлампада Узльстин Иранга 2:0 эсебинде, Япониянын Коста-Рикага 1:0 эсебинде, Бельгиянын Мароккого 2:0 эсебинде утулуп калууларын сенсация катары бааласак болот. Ал эми Сербия – Швейцария, Камерун – Бразилия, Корея – Гана, Португалия – Уругвай командаларынын экинчи айлампадагы оюндары кечээ кеч аяктагандыктан алардын жыйынтыктарын бере албадык. Бүгүн башталган үчүнчү айлампа футбол күйөрмандарын оң эмоция менен сугарып, ырахат тартуулаары талашсыз. Ошон үчүн футбол оюнунун болгону кандай жакшы деп айткың келет.
Абдимухтар АБИЛОВ