Кыргызстан буга чейин футболдук өлкө болгон эмес. Чынын айтканда кыргыз футболунун пайдубалы эми түптөлө баштады. Кийинки учурларда футболго көңүл бурулуп, өлкө башчысынын деңгээлинде камкордук көрүлүүдө. Бул жакшы жөрөлгө. Кыргызстандын футбол федерациясынын жаңы шайланган президенти Камчыбек Ташиевдин, футбол жаатында кошуна өлкөлөрдөн артта калып кеттик деген сөзүндө жан бар.
Анда эмесе футболдун тарыхына көз жүгүртүп көрсөк, өлкөдө футболго спорттун бир түрү катарында мамиле жасалып келгенин маалым. Ал эми Өзбекстан, Казакстан, Тажикстанда футбол Союздун учурунда эле өнүгүү жолуна түшүп, аталган республикалардын атын чыгарган “Пахтакор” Ташкент, “Кайрат” Алма-Ата, “Памир” Душанбе командалары СССРдин жогорку лигасында оюн көрсөтүшүп, ошого жараша базасын түптөп келишкен. Ушул жерде баса белгилей кетүүчү жагдай, ошол учурда деле өлкөнүн биринчи адамдары күйөрман болуп колдогон командалар зор ийгиликтерди жаратышкан. Маселен, Украина ССРинин КП БКсынын 1-катчысы В.В.Шербицкийдин түздөн-түз колдоосу менен Валерий Лобановский «Динамо» Киев командасына тренерликке кызматка чакырылып, ал кийинчерээк клубдун тарыхындагы эң ийгиликтүү машыктыруучу болуп калды. Ал эми “Динамо” Киев командасы эки жолу 1975, 1986-жылдары УЕФА кубогунун жеңүүчүлөрүнүн кубогун утуп алган СССРдеги жалгыз команда. Же болбосо өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери Россиянын Президенти В.Путиндин кыйыр колдоосу менен Союздун учурунда ортозар болуп келген Санкт-Петербургдун “Зенит” командасы Европа кубогун утуп, белгилүү командага айланды. Ушундан улам, Камчыбек Ташиевдин футбол федерациясынын башчылыгына келиши ийгиликтин жаралышына көптөн-көп үмүт арттырары талашсыз.
Кошуналар демекчи, Өзбекстандын алалы. 1994-жылы Өзбекстандын курама командасы биринчи жолу Япониянын Хиросима шаарында өткөн футбол боюнча Азия оюндарына катышып, дебюттук сезондо Кытай курама командасын финалда 4:2 эсебинде утуп, Азия оюндарынын чемпиону аталган. Футболдук пайдубалы бекем команда ушундай тарых жараткан. Өзбек туугандардын футболго болгон мамилесин ушундан билиңиз, кошуналардын «Бунедкор» командасында бразилиялык легендарлуу футбол чеберлери Зико, Луис Фелипе Сколари тренер болуп иштешти. Дүйнө чемпиону Ривалдо жана башка легионерлер өзбек футбол күйөрмандарынын кубанычка бөлөп келди. Мына ушундай саамалыктар ийгиликтин жаралышына өбөлгө түздү. Өткөн жылы март айында Өзбекстандын жаштар футбол командасы тарыхында биринчи жолу Азия Кубогун жеңип алды.
Кыргызстанда футбол 2015-жылдан кийин гана жандана баштаганы байкалат. Ага чейин белгисиз команда болуп келиптир. Курама командарыбыздын эң жогорку жетишкендиги 2019-жылы Катарда өткөн футбол боюнча Азия Кубогунда 1/8 финалга чыкканы болбосо, ооз көптүрүп айтар башка ийгилиги жок экен. Учурдагы абалыбыз жакшы эмес. Кечээ жакында эле курама командабыз эки жолу утулуп, Азия Кубогунан жыдып келишти. ФИФАнын рейтинги 2024-жылдын 15-февралына карата дүйнөдөгү 210 команданын арасынан Өзбекстан — 66, Тажикстан – 99, Казакстан 100-орунду ээлесе, Кыргызстандын курама командасы 105-орунду камсыз кылышыптыр. Айтор, маселе бар.
Жогоруда сөз болгондой азыркы бийликтин футболдун өнүгүшүнө артыкчылык берип жатканы сөз жүзүндө калбай, натыйжалуу жүзөгө ашып жатат. Маселен, өлкөдө дүйнөгө белгилүү “Барселона” футболдук командасынын мектебинин ачылышы, аталган команданын курамында бир кезде ойногон Ривалдо Феррейра, Людовик Жюли жана Хавьер Педро Савиола баш болгон футбол жылдыздарынын Кыргызстанга келип, атайын беттешке катышышы футболчулар үчүн гана эмес, ышкыбоздорго дагы зор стимул болду. Футбол федерациясынын президенти Камчыбек Ташиевдин Кыргызстанды футболдук өлкөгө айландырам деген амбициялуу пландары азыр футболго кызыгып машыгып жүргөн жаштарыбызды шыктандырары талашсыз. Ошондуктан, аймактарда, өзгөчө шаарларда футболду өнүктүрүү үчүн атайын шарттарды түзүү, балдардын жаштар клубдарын жана академиясын ачуу демилгеси алкооого арзыйт. “Футбол башка кесиптер сыяктуу эле кесип. Футболду үйрөнүү керек. Бул жөн эле көчөдө топ тээп, футболчу болуу эмес. Эгер университетте кээ бир адистиктер боюнча беш-алты жыл окусаң, анда футболду ондогон жылдар бою окуш керек. 7-8 жаштан 16-18 жашка чейинки балдарды машыктыра турган футбол академиясы болуш керек», — дейт Камчыбек Ташиев.
Кыргызстан жакынкы арада футбол боюнча дүйнөдө, жада калса Азияда өзүн таанытуусу кыйын. Ошондой болсо да тиешелүү шарттарды түзүү менен бирге футболисттерди экспорттоого ыктаган өлкөгө айланууга негиз бар. Маселен, Хорватия өлкөсүнүн курама командасы 1998, 2022-жылдары дүйнөлүк чемпионатта коло медалга ээ болсо, 2018-жылы күмүш медалды багындырды. Хорватиянын аймагы биздин өлкөнүн жарымына барабар болсо, калкынын саны, 4,2 млн. адамды түзөт экен. А бирок, бул өлкөдө атагы чыккан командалар жок болгону менен футболисттери дүйнөдөгү белгилүү командалардын курамында легионер катары оюн көрсөтүшүп келишет. Себеби, футболдук “селекционерлердин” көзүн кызарткан алардын мектеби мыкты. Өлкөнүн намысын коргоого келгенде хорваттар футболдук держава болгон мамлекеттердин курама командаларынын айласын кетирип жатпайбы. А эмне үчүн Кыргызстан азырынча ушул багытта иштесе болбойт? Ушундан улам, өлкөбүздө Президент баш болуп футболду өнүктүрүүгө жасалган кадамдары сапары байсалдуу болсун деп тилейли. Жакшылыктан үмүт үзбөйлү.
Шекербек КАЛЫКОВ