"Эркин-Тоо"

Футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Ооганстанга утулду

Кыргызстандын футзал боюнча курамасы Ооганстанга 5:3 эсебинде утулуп калды.

Акшумкарлар Таиландда өткөн Азия кубогуна катышып, чейрек финалда турнирден четтетилген. Регламентке ылайык, жарым финалга чыккандар дүйнө чемпионатына жолдомо алышкан, бирок дагы бир жолдомо ойнотулган.

Биринчи беттеште кыргызстандыктар вьетнамдыктарды уткан.

Бул оюндун жеңүүчү аталган Ооганстандын курамасы турнирде 5-орунга ээ болуп, күзүндө Ташкентте өтө турган дүйнө чемпионатынын финалдык туруна жолдомо алды.

Кыргыз курама командасы буга чейин дүйнөлүк чемпионатта ойногон эмес.

Пример HTML-страницы