Дүйнөдө ар бир 100 баланын бирөө аутизмге кабылат. Ал эми Кыргызстанда так саны белгисиз. Статистикалык маалыматтарды алуу учурда абдан кыйын. Бирок, аутизм, Даун синдрому жана Церебралдык шал (ДЦП) оорусу менен жабыркаган балдардын көбөйүп жатканы жашыруун эмес. Дарыгерлер алардын ата-тегинен бери келе жаткан кандай оорулары болгондугун, аял кош бойлуулукту кандай өткөргөнүн, кош бойлуу кезде ооруган-оорубаганын, бала төрөлгөндөн кийин кандай маселелер болгонун анализдеп, ошого жараша дарылоо жүргүзүшөт. «Совет мезгилинде кош бойлуу аял үч сааттай иштесе, азыр 12 сааттап жумушта жүрөт. Мындайча айтканда, жашоо образы начар. Мунун баары организмдин алсыздануусуна алып келет. Балдардын мындай көйгөйлөр менен жабыркап төрөлүшүнө экология, боюнда бар аялдардын тамактануусу, иштеген жумушу, өзүнө кам көрүүсү да таасир этет. Андыктан, кош бойлуулукту бир жыл мурун даярдык көрүп пландоо керек” дешет адистер. Биз бул жаатта баарлашуу максатында «Nova» клиникасынын акушер-гинеколог, гинеколог-эндокринолог дарыгери Сманалиева Гүлнура Акматкуловнага жолугуп, суроолорубузга жооп алып кайттык.
— Гүлнура айым, акыркы учурларда шал (ДЦП), аутист, даун синдрому менен төрөлгөн балдар көбөйдү. Буга эмне себеп болууда? Неврологдордун айтуусунда балдардын мындай ооруга чалдыгуусунун 70%ы эненин курсагында, 20%ы төрөт учурунда, ал эми 10%ы 2 жашка чейинки учурда кабылат экен?
— Гинеколог катары айтсам, үчөө үч башка оору. ДЦП оорусу бул – балдардын церебралдык шал оорусу, башкача айтканда мээ структураларынын бузулушу. Анын боюнда бар кездеги башкы себеби – бензин, сыр сыяктуу нерселерге уулануу. Алар абдан уулуу болгондуктан, дем алганда аба аркылуу кирип, баланын мээ структураларын бузат. Натыйжада бала эрте төрөлөт, бул убакта баланын мээ структуралары жакшы калыптана элек болот. Неонотолог врачтар жетишпегендиги да ДЦП балдардын көбөйүп жаткандыгын шарттап жаткандай. Бирок, учурда бизде перинаталдык борборлор абдан көп. Ал жакта төрөлгөндө эле балдарды жакшы карап, калыпка түшүрүп алса, натыйжасы жакшы болот. Тумакка салып бакканбыз деп илгеркилердин айтканы бекер жерден айтылган эмес. 7 айлык баланын мээси ушунчалык назик болгондуктан, аларды көп кыймылдатпай, чайкабай багыш керек болот. Аутизм оорусу мультифакторлуу деп айтылат. Себептери абдан көп, бирок толук бир далил жок. Бул да өзүнчө бир оору. Бирок, боюнда бар кез менен эч кандай байланышы жок. Ал эми даун сидрому боюнча айта турган болсок, жаш өйдөлөгөн сайын энелик клеткалардын саны азаят. Азайган сайын алардын сапаты да начарлай берет. Башкача айтканда, ошол эле даун синдромунун саны көбөйө баштайт. Ал эмнеден болот? Клеткалардын туура эмес бөлүнүүсүнөн улам болот. 23-45 хоромосома болсо, аларда 21 хромосома болот. Дүйнө жүзүндөгү бардык даундардын сырткы келбеттери окшош. Аны 12 жумалык бойдо болгондо эле аныктаса болот. Генетикалык оору болгондуктан, витаминдердин жетишсиздигинен келип чыкпайт.
— Боюнда бар аял чочуп калбаш керек дешет го, ДЦПга бул нерсенин да тиешеси барбы?
— Жок, бул миф. Чочуп калуу менен талма оорусу пайда болушу мүмкүн, бирок шал болбойт. ДЦП гипоксиядан дагы болушу мүмкүн. Гипоксия деген бул мээ структураларынын бузулушу. Мээге кычкылтек жетпей калышы ыктымал. Төрөт оор болуп, кыйналып төрөсө, ошол кезде да мээге кычкылтек жетишпей, ДЦП болуп калышы мүмкүн.
— Боюнда бар кездеги стресс, депрессия түйүлдүккө кандай таасирин берет? Бала ыйлаак болуп калат деп коебуз го?..
— Албетте зыян, өзгөчө баштапкы 3 айда абдан кооптуу. Себеби, стресс болгондо кан тамырлар тарып, кортизол гормону чыгат. Булардын бардыгы тез-тезден кайталана берсе, баланын түшүп калуусуна алып келиши толук мүмкүн. Ар бир аял өзүнө назик мамиле кылып, өзүн карашы керек. Себеби, бул балага толук берилет. Мындай учурда туугандардын, жакындардын да колдоосу абдан зарыл.
— Ошондой эле угуусу жана сүйлөөсү кечеңдеген, кекеч балдар да көп болуп жатат. Дарыгерлер бүгүнкү күндө ар бир 4-5-баланын тили чыкпай жатканын айтышууда. Коомчулук буга көбүнчө телефонду күнөөлөшүүдө. Жеке менин көз карашымда буга бир гана телефон эмес, бир канча факторлор себеп болсо керек? Сиз гинеколог дарыгер катары буга эмне дей аласыз?
— Байкасаңыз, бул көйгөй ковидден кийин эле башталды. Коомчулуктун айтканында да чындык бар. Себеби, пассивдүү баарлашуу жок болуп калды. Бирок, боюнда бар кезде темир жетишпей калса да, элементардуу гемоглобин төмөн болуп, өзүн жакшы карабай, дарыларды толук ичпесе, ошондой көйгөйлөр болушу да мүмкүн. Себеби, темир жетишпесе, баланын мээсине кычкылтек жакшы жетпейт. Ошондон да өсүп-өнүгүүсү, сүйлөөсү кечеңдеп, өзү теңдүүлөрдөн артта калышы толук мүмкүн. Ал эми “Д” витамин жетишпесе, тиштерде жана сөөктөрдө көйгөй жаралат.
— Бизде кыргыздарда сөөк жаңыртабыз деп жакын туугандар балдарын же бөлөлөрдү үйлөндүрүп койгон учурлар жок эмес. Медицина буга эмне дейт?
— Албетте медицина буга каршы, себеби, туугандар арасында кан алмашуу болсо, балдары генетикалык жактан оорукчан төрөлүп калышы мүмкүн. Буга далилдер арбын. Андыктан дарыгер катары менин кеңешим, мындайды токтотуу керек.
— Жылдан-жылга аба булганып, тамак-ашыбыз натуралдуу болбой баратат. Ошондой эле тамеки, арак сыяктуу зыяндуу адаттар балдардын тилинин кеч чыгуусуна кандайдыр бир таасирин тийгизеби?
— Жеке менин оюмда тамактануунун таасири болушу мүмкүн. Себеби, биз тамактан керектүү витаминдерди алат эмеспизби. Ал эми булганган кара түтүн өпкө ооруларына алып келиши ыктымал, бирок түйүлдүккө, анын өсүп-өнүгүүсүнө таасирин деле тийгизбейт.
— Кош бойлуу кезде компьютер алдында күн бою отуруу, кайра-кайра УЗИ аппаратына түшүү зыянбы?
— УЗИнин зыяны жок. Дарыгердин көзөмөлүндө ашып кетсе 3-4 жолу аппаратка жиберилет. Скрининг деп коет, бул ички органдарда патология бар же жок экенин билүү максатында жасалган нерсе. Компьютер, телефон кароо көзгө зыян болбосо, түйүлдүккө эч кандай деле зыянын тийгизбейт.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА