"Эркин-Тоо"
МИКке 10 ЖЫЛ Эркин Тоо гезити

Гүлзат ТОТУБАЕВА:“ӨЛКӨ БОЮНЧА 70 МИҢ ИПОТЕКАЛЫК БАТИРДИН КУРУЛУШУ КЫЗУУ ЖҮРҮҮДӨ”

Садыр Жапаров: “Ар бир адам үйлүү болсо деп кыялданам, үйлүү болсоңор кубанам”

Эрк, чечкиндүүлүк, натыйжа: «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна 10 жыл

Ар бир өлкө үчүн жарандарын турак жай менен камсыз кылуу — бул эң башкы жана артыкчылыктуу милдеттердин бири. Бул милдет аткарылганда элдин туруктуулугу, коопсуздугу жана жашоого болгон ишеними дагы бекемделери талашсыз. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө жарандарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу турак жай менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик саясатты активдүү ишке ашырып келет. Бул жоопкерчиликтүү милдетти аткарып келе жаткан “Мамлекеттик ипотекалык компания” (МИК) ачык акционердик коомунун түзүлгөнүнө быйыл 10 жылдын жүзү болуп отурат. Буга байланыштуу, мамлекеттик турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыктары, компаниянын тарыхы, учурдагы ишмердүүлүгү туурасында мекеменин Калкты тейлөө башкармалыгынын жетекчиси Гүлзат Тотубаева менен маектештик.

– Гүлзат айым, МИК быйыл 10 жылдыгын белгилеп жатат. Бирок коомчулук мекемени акыркы 3-4 жылда гана таанып-биле баштагандай…

– Туура байкадыңыз. Акыркы жылдары МИК тууралуу билбеген кыргызстандык калбады десек болот. Бирок компания 2015-жылдын 15-июлунда өкмөттүн токтомуна ылайык, болгону 10 млн сомдук уставдык капитал менен түзүлгөн. Бүгүнкү күндө бул сумма 87 млрд сомго чейин жетти. Муну менен МИК өлкөнүн мамлекеттик турак жай саясатынын борбордук институтуна жана ипотекалык насыялоо системасынын негизги механизмине айланды.

– Ошондо мурдагы жана азыркы Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын ортосунда кандай өзгөрүүлөр болду?

– Бул суроого МИКте эле эмес, өлкөнүн мамлекеттик турак жай саясатында эбегейсиз өзгөрүүлөр орун алды деп жооп берсек туура болчудай. Учурда өлкө боюнча дээрлик 70 миң ипотекалык батирдин курулушу кызуу жүрүүдө. Мындай ири курулушту өлкө Совет доорунан бери көргөн эмес. Бул көрсөткүч башында бизге ишке ашкыс бир жомок эле чынында. Алгач мамлекеттик турак жай программасына ичи чыкпаган, ишеним артпагандардын көп болгону да мыйзам ченемдүү көрүнүш болчу. Себеби жөнөкөй  каражаттын жетишсиздиги, МИК аркылуу ипотекалык насыя алган жарандардын санынын аздыгы. Дал ушуга байланыштуу өз кезегинде азыркы өлкө жетекчилиги эң бир чечкиндүү жана тарыхый кадамга бел байлаган. МИК башында өзүңүздөр билгендей, өнөктөш-банктар аркылуу ипотекалык каржылоо берип келген. Ал эми 2022-жылдын аягынан тарта компания өз каражаттарын өлкө аймагы боюнча жеткиликтүү көп кабаттуу турак жайларды курууга жумшай баштаган. Ушул жерден  сөзүбүз куру болбош үчүн сандарга кайрылып кетсек туура болчудай. Мамлекеттик турак жай программасы ушул күнгө чейин 3 жолу өзгөрүүгө учураса, биринчи “Арзан турак жай — 2015–2020” программасынын алкагында 5 миң 430 жаран, кийинки “Менин үйүм — 2021–2026” программасынын алкагында 4 миң 191 киши турак жайга каржылоо алышкан. Ал эми Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 17-июлундагы №191 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм” мамлекеттик программасы аркылуу дээрлик 4500 батир ээлерине берилди. Ошондо, эгерде МИК алгачкы өзү курган үйлөрүн 2024-жылдын акырында гана четинен куруп бүтө баштаганын эске алсак, бир жылга жетпеген убакытта ушунча сандагы батир турак жайга муктаж жарандарга берилгени, албетте, чеке жылытарлык натыйжа десек болот.

– Ал эми турак жай программасы сунуштаган шарттар боюнча 10 жыл аралыгында бул багытта кандай өзгөрүүлөр жана жеңилдиктер ишке ашырылды?

– Албетте, жаңы түзүлгөндөгү МИКтин шарттары азыркыдан кыйла катаал эле. 10 жылдын ичинде компания ипотекалык насыялоонун үстөк пайыздарын 6-14%дан багыттарга жараша 4-8%га чейин түшүрүп, муну менен бирге ипотеканын мөөнөтүн 25 жылга чейин узарта алды. Кийин сатып алуу жолу менен ижарага берүү механизминин алкагында “Социалдык ипотека”, “Жеңилдетилген ипотека” багыттары боюнча ипотекалык батирлер 4% менен жана “Арзан ипотека” багыттары боюнча 8% менен алдын ала төлөмү жок берилүүдө. Мындан сырткары, программага катыша ала турган жарандардын категориясы да кеңейтилип, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар же алардын камкорчулары, жалгыз бой энелер, Баатыр энелер, айыл жергесинде эмгектенген жаш адистер жана алдын ала төлөм кылганга кудурети жеткен чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мекендештер дагы кошулган. Мында “Үлүштүк турак жай” механизми жана ага көмөкчү “Топтомо ипотека” багытынын иштелип чыгышы турак жай программасынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатып, расмий эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзбөгөн жана өзгөчө чет жерде иштеп жүргөн кыргызстандыктарга өз мекенинде арзан турак жайга ээ болууга жол ачты.

– Ушул жерден окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн МИКтин кезегине турат элем деген жарандар кандай талаптарга жооп бериш керектигин кыскача айта кетсеңиз.

– Башкысы, албетте, жаранда Кыргыз Республикасынын аймагында менчик турак жайы болбошу керек. Анткени, биздин башкы миссиябыз – турак жайга муктаждарды үйлүү кылуу. МИКтин кезегине туруп, алдын ала төлөмү жок турак жай алуу үчүн жарандарга төмөндөгү тандоо талаптары белгиленген:

  • Жашы 18ден жогору болушу керек;
  • Кеминде 2 жылдык жалпы эмгек стажы бир уюмда/ишкердикте акыркы 12 айлык үзгүлтүксүз иш стажы болушу керек;
  • Катышуучунун өзүндө, жубайында жана жашы жете элек балдарында Кыргызстанда жеке турак жайы болбошу керек;
  •  Акыркы 3 жыл ичинде үйдү сатуу, белекке берүү сыяктуу жарандык-укуктук бүтүмдөр жасалбаган болушу зарыл. Ал эми алдын ала төлөм каралган “Үлүштүк турак жай” механизми боюнча жарандын эмгек стажына талап каралган эмес.

– Курулуштун сапаты тууралуу да айтып берсеңиз…

– Учурда буга чейин айтылгандай Мамлекеттик ипотекалык компания өлкөбүздүн бардык аймактары боюнча дээрлик 70 миң ипотекалык батирдин курулушун жүргүзүүдө. Алардын жалпы аянты 4 млн чарчы метрден ашып, басымдуу бөлүгү активдүү фазада турат. Белгилей кетсек, өлкө башчысынын Жарлыгы жана мамлекеттик органдардын тапшырмаларына ылайык, жер тилкелери Мамлекеттик ипотекалык компаниянын балансына өткөрүлүп, турак жай курулуштарын ишке ашырууга багытталууда. Ошондой эле заман талаптарына ылайык, компания шаарларды реновациялоо программаларына да активдүү катыша баштады. Курулуштун сапаты боюнча айта турган болсок, бул маселе ар дайым биздин биринчи артыкчылык берилген багыт болуп саналат. Бардык объекттерди курууда эң жогорку сапаттагы материалдар колдонулуп, курулушта бардык техникалык, архитектуралык жана сейсмикалык коопсуздук талаптары катуу сакталып жатат. Турак жай объектилерин Мамлекеттик курулуш агенттиги, Президенттин Иш башкармасы жана компаниянын өзүнүн курулуш бөлүмү көзөмөлдөйт. Үйлөр монолиттик ыкмада курулуп, кошумча түрдө базалит менен жылууланып жана сырткы каптамасы жасалат. Биздин үйлөр 15-25 жылга ипотекага берилгендиктен, бул убакыт аралыгында МИКтин балансында турат. Демек, биз сапатка өзгөчө көңүл бурушубуз керек.

– Кезектүүлүк тизмесинде, дегеле үйлөрдү бөлүштүрүүдө ачык-айкындык, калыстык маселеси кандай?

– Мамлекеттик ипотекалык компания өз ишмердүүлүгүндө ачык-айкындуулук жана калыстык принцибин толук карманат. Турак жай программасынын катышуучуларынын кезектүүлүк тизмеси компаниянын расмий сайтында ачык жарыяланып, аны менен каалаган жаран керектүү учурда тааныша алат. Курулган батирлер турак жай программасынын катышуучуларынын кезектүүлүк тартибине ылайык гана берилет. Батирлерди бөлүштүрүүдө, дегеле кезек маселесине келгенде кандайдыр бир кыйыр схемалар же жылдыруулар болушу толук мүмкүн эмес.

– Эми компаниянын алдыдагы пландары туурасында учкай кеп кыла кетсеңиз?

– Жакынкы келечекте Мамлекеттик ипотекалык компания өз алдынча каржылоого өтүүнү жана өлкөнүн турак жай фондун дагы да кеңейтүүнү максат кылууда. Бул болсо мамлекеттик бюджетке кошумча жүк келтирбестен, жарандарды турак жай менен камсыздоону туруктуу жана натыйжалуу жолго коюуга мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтыктап айтканда, Мамлекеттик ипотекалык компания бүгүнкү күндө ырааттуу жана активдүү улуттук турак жай саясатынын үлгүсү боло алганы талашсыз. Кыргызстандын бул жааттагы аракеттерин Сингапур өлкөсүнүн турак жай саясаты менен салыштырууга болот деп эсептейм. Анткени, Сингапур өкмөтү калкты социалдык турак жай менен камсыз кылууну мамлекеттик деңгээлде чечкен. 1960-жылы Турак жайды өнүктүрүү кеңеши түзүлүп, калктын көпчүлүгү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруп баштаган. Бүгүнкү күндө Сингапур мамлекетинин жарандарынын 80–90%ы дал ушул мекеме куруп берген батирлерде жашайт. Өкмөт ипотеканы жеңилдетилген шартта берип, жарандардын пенсиялык фондундагы топтомдорун турак жай алууга колдонууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Мындай ыкма менен Сингапур калкын дээрлик толук бойдон жеткиликтүү жана сапаттуу турак жай менен камсыздай алган. Максатыбыз – Сингапур өлкөсүнө окшоп турак жайга муктаж элибиздин бардыгын жеткиликтүү, арзан, башкысы – өз үйү менен камсыз кылуу менен өлкө жетекчилигинин жана элдин ишенимин актап, жарандарыбыздын социалдык абалын жогорулатууга эбегейсиз салым кошуу, биз бул үчүн тынымсыз аракет көрө бермекчибиз.

Жазгүл Карбосова