"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Гүлчөгө расмий түрдө шаар макамы ыйгарылды

Алай районунун Гүлчө айыл аймагына шаар макамы расмий түрдө ыйгарылды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Аталган аймакта «Гүлчө шаары» деген жазуусу бар стелла ачылып, аймактык кызматтарга жаңы техникалар тапшырылды. Ошондой эле облустук өнүктүрүү фондунан жакынкы күндөрдө Гүлчө шаарына дагы эки атайын техника берилери айтылды.

Эске сала кетсек, Гүлчө айыл аймагына шаар макамын берүү тууралуу мыйзам 2025-жылдын 25-сентябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Андан кийин президент Садыр Жапаров «Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айыл аймагын райондук маанидеги шаар категориясына киргизүү жөнүндө» мыйзамга кол койгон.