RFI агенттиги билдиргендей, Ганадагы токойлордун мыйзамсыз кыйылышы күч алууда жана бул айлана-чөйрөгө гана эмес, ал жерде жашаган аялдардын жашоосуна да олуттуу таасирин тийгизүүдө.
Токойлорду мыйзамсыз түрдө кыюу айрыкча түндүк, Чыгыш Жогорку жана Батыш Жогорку аймактарда жашаган аялдар үчүн чоң көйгөйгө айланды.
Бул аймактардагы 900 миңден ашык аял ши жаңгактарын чогултуп, каражат табышат. Алар жыл сайын 130 миң тоннадан ашуун кургатылган ши жаңгактарын чогултуу менен үй-бүлөлөрүн камсыздап, аймактын экономикасына да чоң салым кошушат.
Бирок токойлордун, анын ичинен ши дарактарынын кыйылышы бул жаңгактарды чогултууну кыйындатууда. Ошондой эле отун жана дарылык өсүмдүктөргө жетүү да барган сайын татаалдашууда.
Экологдор жана укук коргоочулар эл аралык уюмдарды аялдардын укугун жана жаратылыш ресурстарын чогуу коргоого чакырууда.