Падышалык тыйын сарайы “Гарри Поттер жана философиялык таш” китебинин биринчи басылышынын 25 жылдыгына карата Гарри Поттердин сүрөтү түшүрүлгөн тыйын чыгарды. Тыйындарда жаш Гарри Поттерден тышкары профессор Дамблдор, “КингсКросс” поезди, ошондой эле Хогвартс сыйкырчылар мектеби чагылдырылат. Ал эми арткы бетинде Елизавета IIнин сүрөтү чагылдырылган. Бирок, кийинки жылдан баштап анын сүрөтү Карл IIIтүн сүрөтү менен алмаштырылат. Тыйындын баасы металлына жана номиналына жараша 11 фунттан 5 миң фунт стерлингге чейин.