"Эркин-Тоо"

ГАРСИА МАРКЕС: “КҮЗДӨ КӨРҮШӨБҮЗ”

Нобель сыйлыгынын лауреаты, Колумбиянын атактуу жазуучусу Гарсиа Маркестин туулган күнүнүн 97 жылдыгына карата “Күздө көрүшөбүз” аттуу жаңы романы жарыкка чыкты. Маркестин китептерине көптөгөн жылдар бою редактор болгон Пера Критобалдын айтуусу боюнча, бул китеп жазуучунун “Сүйүү жана башка шайтандар жөнүндө” жана “Менин бактысыз көңүлдөштөрүмдү эскерип” аттуу романдарынын үчүнчү бөлүгү болуп саналат.

Окурмандар Маркеске таандык дагы бир шедевр чыгарма жаралды деп күтпөй койсо деле болот. Анткени, жазуучу бул романды өмүрүнүн соңку кездеринде, бирде эсин жоготуп, бирде эсине келип катуу ооруп жүргөн мезгилде жазган жана уулдарына бул романды жарыкка чыгарууга тыюу салган. Бирок, балдары атасынын осуятын четке кагып, романды жарыкка чыгарууну туура көрүшкөн. Алар, биринчиден, окурмандар жазылган романды окууга укуктуу, экинчиден, Маркес өзү бул китептин баалуулугун, сапатын толук кандуу аңдап билбесе керек (балким, билген чыгаар) деп ойлошот. Жазуучунун уулдары Техас университетинин архивинде сакталып турган “Күздө көрүшөбүз” аттуу романдын кол жазмасын алышып, редактор Кристобал Пера менен романдын өзөгүн түзө башташкан. Маркес бул романдын беш вариантынын кол жазмасын калтырып кеткен. Негизги максат беш вариантын талдап карап чыгып, бириктирип, андан романдын негизги башкы вариантын түзүп чыгуу болгон.

Коомчулуктун, журналисттердин арасында романдын жарык көргөнгө чейинки, жарык көргөндөн кийинки  көркөмдүк баалуулугу эмес, а Маркестин балдарынын иш-аракетинин этикалык ченемдери көбүрөөк талкуу жаратууда. Ошентип эки топко бөлүнгөн адамдар пайда болду. Биринчи топтогулар жазуучунун уулдары Родриго менен Гонсало атасынын дүйнөлүк атак-даңкын пайдаланып дагы бир ирет жарнама-акция өткөрүүнү пландашкан деп айтышса, экинчи топтогулар Франц Кафканын тагдырын эске салышты. Кафканын жоголуп кайра табылган чыгармасы да окурмандарга белгисиз бойдон калмак. Кафка көзү тирүүсүндө бул романды жарыкка чыгарууга тыюу салганына карабастан  досу Макс Брод  жазуучунун  көзү өткөндөн кийин ал чыгармасын жарыкка чыгарып жиберген.

Эми окурмандарды этика суроосу анчейин ойлонтпой калды. Ал жазуучунун автордук укугун териштирген юристтердин иши болсо керек. Кантсе да  бул ары кызыктуу, ары талаштуу окуя болду. Окурмандар анын укуктук жагын териштирип олтурбай, жарыкка чыгып кеткен романды окууга  көбүрөөк ынтызар болуп жатышат.

Чет өлкөлүк көптөгөн басма сөз каражаттарына жарыяланган макала, сын пикирлердин авторлору  Маркестин “Күздө көрүшөбүз” романындагы тема жазуучу үчүн жаңы тема деп айтып жатышат. Бирок, андай эмес. Жазуучу бул романында эмне жөнүндө айткысы келген деген суроо туулат. Романдын сюжети жөнөкөй. Анда Анна Магделана Бах деген орто жаштагы аял жыл сайын жай айында апасынын бейитине зыярат кылып кетүү үчүн аралга келет. Апасы кандайдыр бир себептерден улам көзү өткөндөн кийин сөөгүн дал ушул аралга коюуну балдарынан өтүнгөн. Күнүгө кечинде мейманканага келген аял кечки тамагын ичүү үчүн ресторанга түшөт да, ар жолу ар башка белгисиз эркектер менен таанышып, түнү бою сүйүү лаззатына батып чыгат. Аялдын биринчи кардары эрте менен кетеринде  20 доллар калтырып кетет. Бул аялдын кыжырын аябай келтирет да кийинки күндөрү аралдан ошол кишини издеп таап, 20 доллары менен бетке чапкысы келет.  Аны издеп таппай улам жаңы эркектер менен тааныша берет. Ошентип жүрүп ал баягы белгисиз эркекти сүйүп калганын билет. Бирок, ал аялдын бактылуу үй-бүлөсү, балдары, толук кандуу турмушу бар. Ошентсе да  Анна Магделанага ар дайым бир нерсе жетишпегендей сезиле берет. Ал эркиндикпи, курчтукпу, же окуяларга бай кызыктуу турмуштун өзүдүр.  Аягында Анна эмне үчүн апасы дайым ушул аралга келе бергенин, балким, Анна өзү да ошол себептен келип жатканын түшүнөт.

Маркес “Күздө көрүшөбүз” деген жаңы романында окурмандар үчүн жаңы теманы деле алып чыкпайт. Ал буга чейинки романдарында жазган негизги үч багытты: сүйүү, жалгыздык, өлүм темаларын чагылдырган.

 

                                                                                                              Өмүрбек ТИЛЛЕБАЕВ

№25 «Эркин-Тоо» гезити

2024-жылдын 2-апрели

 

 

 

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!