Израилдин бомбалоосуна кабылган Газа тилкесине гумжардам ташыган дагы 12 унаа «Рефах» чек арасы аркылуу кирди.
«Рефах» чек ара капкасынын басма сөз катчысы Ваил Абу Мухсин, Газага кирген 12 фуранын «суу, тамак-аш жана дары-дармек ташыганын билдирди.
Маалыматка караганда, 21-октябрдан бери Газа тилкесине гуманитардык жардам жүктөлгөн 74 унаа кирген.
Чыңалуунун күчөшүндө эки тараптан тең миңдеген курмандыктар бар.