"Эркин-Тоо"

Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирилди

Газа тилкесине ири көлөмдөгү гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка караганда, оор жүк ташуучу 200 унаа 24-ноябрда жөнөтүлүп, 25-ноябрда Египет-Газа чек арасындагы Рафах бекети аркылуу секторго кирген.

Газага негизинен 129 миң литр күйүүчү май, 4 цистерна жаратылыш газы, азык-түлүк, тамак-аш, таза суу, дары-дармек жеткирилген. Аны менен катар оор абалда жаткан 20дан ашуун бейтап Газанын түндүгүнөн коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Жүздөгөн-миңдеген адамга ар кандай жардам көрсөтүлгөн.

Булардан тышкары «Аш-Шифа» ооруканасына 11 «Тез жардам» унаасы, 3 автобус, бир чакан жүк ташуучу унаа берилген.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!