Газа тилкесинен дагы эки кыргызстандык эвакуацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 4-декабрда Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен чыгарылган.
Белгилей кетсек, буга чейин ноябрдын аягында Газа секторунан Кыргызстандын эки жараны эвакуацияланган.