Бул тууралуу Палестинанын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
«Израилдин аракетинен улам 50 миңге жакын жаран үйлөрүнөн ажырап, убактылуу кармоочу жайларга көчүрүлдү. Ал жерлердин шарттары карылар, аялдар, балдар жана өнөкөт оорулар менен ооруган адамдардынден-соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаратат»деп айтылат билдирүүдө.
Бийлик өкүлдөрү эл аралык коомчулукка Газа секторунун саламаттык сактоо тутумуна 46,6 млн доллар өлчөмүндө жардам көрсөтүүгө чакырык жасады.
Израиль менен Газа секторунун чек арасындагы кырдаал 10-май күнү кечинде курчуп кетти. Израиль армиясынын айтымында, Палестина тараптан болжол менен 4340 ракета атылган. Акыркы маалыматтарга ылайык, Израилде 12 адам каза болуп, 50дөн ашуун адам оор жаракат алган. Жооп иретиндеги чабуулдан 1,9 миң адам жаракат алса, каза болгон палестиналыктардын саны 232ге жетип, алардын 65и жашы жете элек өспүрүм балдар экени тастыкталды.

