"Эркин-Тоо"

Газада беш күнгө согушту токтотуу боюнча алдын ала келишим түзүлдү

Катардын ортомчулугу менен Израилдин, АКШнын жана ХАМАС радикал тобунун (АКШ менен Евробиримдикте террордук уюм деп таанылган) катышуусунда өткөн сүйлөшүүлөрдө Газа тилкесинде согуштук аракеттерге беш күндүк тыныгуу жарыялоо боюнча алдын ала макулдашылды.

Сүйлөшүүлөр учурунда ХАМАС барымтадагы 200дөн ашуун кишинин 50сүн бошотууга макул болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Келишим алты барактан турары жана барымтадагылар 24 сааттык интервал менен чакан топ болуп бошотулары айтылды.

Бирок АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши азырынча келишим түзүлө электигин билдирди. Израил бийлиги да келишимдин бар экенин четке кагууда. Мурдараак маалымдалгандай, Израил 50 эмес андан көп кишини бошотууну талап кылып, келишимдин мурунку версиясынан баш тарткан. Жалпысынан барымтада 240тай адам бар.

Израил армиясы Газа тилкесинде ХАМАСтын согушкерлерине каршы соккусун улантууда. Толук курчоодо калган палестин анклавынын түндүгүндө катуу согуш жүрүп жатат.

7-октябрда ХАМАС радикал тобу Израилге кол салып, 1200дөй  кишинин өмүрү кыйылган. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын саламаттык сактоо мекемеси согуш башталганы 12 миңдей киши набыт болгонун маалымдады. Бир жарым миллиондон ашуун палестин аймактын түштүк тарабына качууга мажбур болгону айтылууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!