Газа үчүн 1200 тонна гуманитардык жүк кеме менен жеткирилди. Бул тууралуу Euronews кабарлады.
Маалыматка караганда, Ашдод портуна түшүрүлгөн жардамдын курамында кесме, күрүч, балдар тамак-ашы жана консервалар бар. Алар анклавда ачарчылыктан жапа чеккен калкка таратылат.
Жүктүн 700 тоннасы Бириккен Араб Эмиратындагы «Амальтея» фонду тарабынан берилсе, калганы Италия жана Мальтадан жөнөтүлгөн.