Газиантеп – жандуу, заманбап шаар

(Башталышы гезиттин 31.12.2021-жылдын №156 санында)

Шанлыурфадан кийин сапарыбызды улап, дүйнөдөгү эң байыркы Газиантеп шаарына бардык.  Ал Түркиянын түштүк-чыгышындагы ири шаарлардын бири. Евфрат дарыясынын өрөөнүндө жайгашкан. Газиантеп деген ат Византия доорундагы “Айнтап” же “таза булак” деген сөздөн алынган. Азыркы Гази (согуш баатыры) префикси 1920-жылы француз жана англиялык баскынчыларга көрсөткөн баатырдык күрөштөн улам келип чыккан. Тактап айтканда, Газиантеп – бул “Баатыр шаар” дегенди билдирет. Анын узак жана татаал тарыхы бар. Хетиттер жана Ассириялыктардан Византия менен Осмон империясына чейинки Жакынкы Чыгыштын дээрлик бардык цивилизациясынын изи калган. Орто кылымдарда Жакынкы Чыгыштын эң чоң шаарлары менен байланышы бар Улуу Жибек жолунун батыш бөлүгүндө маанилүү ролду ойногон. Ошол мезгилде кездеме соодасы, кол өнөрчүлүк менен килем току өнүккөн. Кол өнөрчүлүгү улам өнүгүп олтуруп, жеңил өнөр жайы, текстиль мыкты жолго коюлган. Азыркы учурда заманга жараша алардын бары эң мыкты, алдыңкы жабдуулар менен камтылган фабрикаларда өндүрүлөт. Металлургия, жыгач устачылык, цемент өндүрүү, тамак-аш өнөр жайы, кустардык кол өнөрчүлүк да өнүккөн. Териге пайдалуу табигый самындын түрү жасалат.

 Тогуз жолдун тоому

Географиялык жактан Газиантеп түндүккө же андан ары чыгышты көздөй экзотикалык саякатка чыгуу үчүн ыңгайлуу жер болуп эсептелет. Завод-фабрикалары шаардан алыс курулган. Шаарды аралап бассаң, христиан-еврей кварталынын өзгөчө архитектурасы, байыркы замандарда курулган мечиттер, кербен сарайлар, медреселер, мончолор, катар-катар дүкөндөр көзгө урунат. Бул дүкөндөрдө эмне гана жок. Жергиликтүү усталардын чебер колунан чыккан ар кандай формадагы жана өлчөмдөгү кумаралар, кумгандар, кофе майдалагычтар менен кайнатуучу идиштер, болот бычактар, кыскасы күмүштөн, темирден, жезден жана ар кандай металлдардан кол эмгеги менен жасалган керектүү бир топ ашканна буюмдарын көрүүгө болот. Эң негизгиси, өндүрүлгөн кийим-кече, буюм-тайымдарынын сапаттары эң мыкты. Эптеп-септеп жасалганы жок. Түрктөр сапат үчүн күрөшөт дегенине чындап ынанасың.

Шаардын архитектуралык курулушу да өзүнчө кызык. Жаңы менен байыркынын ортосу бир кадам. Газиантептин азыркы бетондон, айнектен, металлдан курулган имараттары бар заманбап кварталдары байыркы ийри-буйру кууш көчөлүү лабиринт менен бирге жашайт. Эски менен заманбап жаңы курулуштар айкалышып, көзгө жагымдуу элести калтырды.

Шаардын борборундагы дөбөнүн үстүндө Газиантеп чеби жайгашкан. Бул жерден шаардын панорамалык көрүнүшү ачылат. Тарыхый жактан алганда убагында булл чеп шаардын түптөлүшүнө жана кеңейишине негизги өзөк болгон.  Византия империясын Сасаниддерден коргоонун маанилүү звеносу болгон кезде курулган. Чептин аймагында Биринчи дүйнөлүк согушу чурунда шаарды француз аскерлеринен коргоого арналган музей (GaziantepSavaşMüzesi) бар. 1989-жылы чеп кайра оңдолгондон кийин ичинде көргөзмө ачылган. Анда фото, барельеф, статуялардын жардамы менен Газиантептин баскынчылардан коргонуусунун бүт тарыхы кеңири баяндалат.

Зеугма мозаика музейи    

Заманбап музей шаардын кызыктуу жерлеринин арасында биринчи орунду ээлейт. Барган туристтер музейди көрмөйүн кетпейт. Музейдин коллекциясы үч кабатта жайгашкан. Зеугма шаарындагы суу каптоодон сакталган римдик мозаикаларды камтыган археологиялык музейи туристтерди өзгөчө кызыктырат. Бул Түркияда гана эмес, дүйнөдөгү эң чоң, атактуу музей. Ал миңдеген чарчы метр аянтты ээлейт. Коллекциясынын негизин да байыркы Римдин Зеугма шаарынын мозаикалары түзөт. Ошондой эле музейдин коллекцияларынын эң негизгилеринин бири катары “Цыган” деген антиквардык мозаиканын фрагментин айтууга болот. Ал башка экспонаттардан айырмаланып, Зеугмадан Америкага алынып келинген. Кийин мекенине кайтаруу өтө чоң күчтү талап кылган. Музейдин экспозициясы байыркы доордон тартып орто кылымдарга чейинки көптөгөн тарыхый доорлорду камтыйт. Айрыкча,  Хетитжана Ассирия падышалыктарынын дооруна таандык кызыктуу экспонаттарды көрүүгө болот.

Газиантеп – мөмө-жемиштери ширин аймак

Шаар даамдуу мистелери, жүзүм, дан өсүмдүктөрү, антеп калемпири, жыпар жыттуу чөптөрү, мөмө-жемиштери, жашылчалары жана миң түрдүү татымалдары менен белгилүү. Түрк лукумунун түрүн жана мисте кошуп жасалган даамдуу баклаваларын ушул жерден тапса болот. Улуттук тамак-аштары ар түрдүүлүгү жана нукуралуулугу менен өзгөчөлөнөт. Мындай болуусуна булл өлкөдө жашаган армян, перс, грек, ассирий жана башка бир топ элдердин тамак-аш даярдоо ыкмаларынын таасири зор. Түрк туугандарыбыздын тамак-аш технологиясын абдан мыкты өздөштүргөнүн ушундан билсек болот, кадимки эле баклажанга шекер кошуп же ичин оюп кебаб салып бышырган тамактары адамдын табитин ачып, кайра-кайра жегисин келтирет. Дасторкон үстүнөн зайтун мөмөсү, айран, лимон, эртең мененки тамакта быштактын түрү үзүлбөйт экен. Түрк туугандар журналисттерден турган топту сыйлуу тамагы катары кебабдын түрү жана жумшак, даамдуу бышырылган эт, түркүн-түстүү салаттары жана татымалдары менен кенен сыйлап,жылуу-жумшак узатышты. Иш-чараны уюштурган Түркия Республикасынын Туризм жана маданият министрлиги менен Түркия туризм таанытуу жана өнүктүрүү (TGA) агенттигине ыраазычылык билдиребиз.

Бактыгүл Кулатаева

Газиантеп – Бишкек

Вставка изображения в HTML код страницы

Альтернативный текст