"Эркин-Тоо"

Газыбыз жок болсо дагы, мамлекетибиз бар го…

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев калкты газ менен камсыз кылуу маселесинде ток этер жерин айтты. Кычыраган суукта газды өчүргөн ишкананын жетекчилерин сынга алып, “Керек болсо “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимди кайра карайлы” деди. Бирок, бул кеч калган кыйкырык болуп калды. Депутаттын жер тепкилегенинен майнап чыгары күмөн. Анткени, “Газпром Кыргызстан” компаниясынын келишимин жокко чыгаруу “Кумтөрдөн” да татаал. Себеби, келишимдин артында саясат деген мандем кылтыйып турат. Насилинде Жеңишбек мырзанын көтөргөн маселеси туура. Буга чейин бийлик тарабынан “Газпром Кыргызстан” компаниясына сес көрсөткөндөр болгон эмес.

“Газпром Кыргызстан” компаниясынын өкүлдөрүнүн парламенттин жыйынындагы берген маалыматы боюнча Жалал-Абад, Ош облустарындагы абоненттерге газ берүүнүн токтотулушу катуу сууктан улам газ түтүктөрүндөгү басымдын азайганына байланыштырды. Ошондой эле өлкөнүн түндүк тарабында дагы ишканаларга газ берүүнү убактылуу токтото тургандыгын билдиришти. Ал эми аталган компаниянын башкы директорунун экономика жана финансы боюнча орун басарынын милдетин аткаруучу Арзымат Алдаяров Жогорку Кеңештин жыйынында, ишкана кирешесиз эле тариф менен иштеп жатканын жана кыргыз бийлиги “Газпром Кыргызстан” компаниясына 700 млн сом карыз экенин жар салды. Бир карасаң боор ачый турган фактылар. Кыргызстандын эли үчүн чыгашасына карабай иштеп жатыптыр. Ошол эле учурда “жыргайбыз” деп 1 долларга саткан компаниябыз, миллиондолгон карызды кыргыз бийлигинин мойнуна илип койгонун кантебиз? Бул мыйзамченемдүү көрүнүш. Бийликке сес көрсөтүп туруу алардын табияты. Ошондой өкүмзордукка жол берип койгонубуз дагы чындык. Анда эмесе сөз башынан болсун.

Кыргыз бийлиги дейбизби, эл өкүлдөрүбү, айтор, убаданы берип, колду коюп, мөөрдү басып, анан эки өлкөнүн парламенттери тарабынан ратификациядан өткөрүп, Президенттер кол койгондон кийин ызы-чуу сала башташат. Алмазбек Атамбаев Президент болуп турганда “Кыргызгаз” ААКнын 100% үлүшүн Россиянын “Газпром” компаниясына символикалык түрдө 1 долларга сатып жибергени эсибизде. Ошол учурдагы депутат Ахматбек Келдибеков, “андай болсо “Кыргызгазды” мага саткыла” деген репликасын дагы унутпайлы. Бул чындыгында суверендүү өлкөнүн табиятына туура келбеген келишим болгон. Ошентип, Президент А.Атамбаев, Кыргызстанды газ, күйүүчү май менен камсыз кылууда бир эле «Газпром Кыргызстан» компаниясына көз каранды кылып койгон. А “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы орустардын «Газпром» компаниясынын 100% ээлик кылган туунду ишканасы болуп эсептелет. Демек, булар мамлекеттик кызыкчылыкты көздөбөйт. Ошол эле учурда биздин бийликке түздөн-түз баш ийбейт. Алардын көздөгөнү пайда жана пайда.

Атамбаевдин жан жөөкөрлөрүнүн бири Фарид Ниязовдун маалыматы боюнча, “Кыргызгазды” 1 долларга сатып жибергенин колдоп, “Кыргызстан көгүлтүр отун менен камсыз кылууда көйгөйлөрдү башынан өткөрбөй калды. Мурдагы “Кыргызгаздын” чирип, эскирген жабдуулары жана 53 миллион доллар карызы бар болчу…” деп шефин алкаган экен. Ушул жерде бир окуя эске түшөт. “Кыргызгазды” орустарга сатат экен” деген сөз жүрүп жатканда, редакцияга бир кабар келди. Кыскасы, ошол учурдагы Мамлекеттик мүлк фондунун башчылыгы “Достук” мейманканасында “Кыргызгаз” ААКнын жылдык отчеттук жыйынын өткөрүп, жыйынтыгында Өзбекстанга газ үчүн миллиондогон доллар карызы бар экендигине карабастан, Ысык-Көлдөн бир пансионат сатып алуу чечимин чыгарышат. Ал пансионат А.Ширшов мырзага тиешелүү дешет. Мүлк фондундагы балдар пансионатты өткөрүп алуу аракеттерин көрүү үчүн тызылдап чуркап жүрүшөт. Бул дагы болсо, мамлекеттик ишкана менен пансионатты кошо сатып жиберүү амалы. Аталган фактылар боюнча убагында “Жаңы Ордо” гезитине жазылган болчу. Орустар мына ушундай шылуундукту билиштиби, айтор, “Кыргызгазды” алышкан эмес. Бирок, Фарид мырза айткан 53 млн доллардын ичинде кимдердин “жел козу” активдери өтүп кетти, кеч болсо дагы билип койсок зыяны тийбейт эле.

Туура, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын калкты газ менен камсыз кылууда салымы бар. Газ боюнча дүйнөдөгү кризистик шартта туруктуу баа менен кардарларын өз убагында тейлеп келатат. 2016-жылдан бери 200 миңдеген калкты газ менен камсыз кылып, өндүрүшкө 400 млн доллардын тегерегинде инвестиция сатыптыр. Инвестор катары жогору баа берүү керек. Бирок…

Бирок, опурталдуу жагын карасак, Кыргызстан газ, күйүүчү май рыногунда “Газпром Кыргызстан ЖЧКсына байланып калгандыктан, эгемендүү өлкө болуп туруп, тиешелүү мамлекеттик мекемелер өз алдынча арзан бензинди Казакстандан, же Өзбекстандан, Түркмөнстандан газ сатып алуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзө албай жатпайбы. Бул бир. Экинчиден, бул ишкана мамлекеттин ичиндеги мамлекет болуп алды. Бийликти анчейин тогото бербегендиги айкын боло баштады. Үчүнчүдөн, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы баштагы убадасына туруп, калкты газ менен толук камсыз кылуусу дагы күмөн. Себеби, аталган ишкана газды Өзбекстандан алып, Кыргызстандагы кардарларына сатып келет. Акыркы жылдардагы маалыматтарга караганда, Өзбекстанда жаратылыш газын ички керектөө көбөйдү. Ошондой эле өзбек бийлиги жаратылыш газын экспорттоону токтотуу планын бир нече жолу жарыялаган. Мунун себеби, кошуна өлкөнүн Кашкадарыя облусунда наркы 2,8 млрд долларлык жылына 3,6 миллиард куб метрге чейин кайра иштетүүгө жөндөмдүү уникалдуу заводду куруп коюшту. Заводдо өндүрүлгөн авиакеросин, дизель майы, нафта (нафта) жана суюлтулган газ ички рыноктун керектөөсүн гана камсыз кылбастан, өндүргөн продукцияларын экспортко чыгарууга үмүт артып отурушат. Мындай шартта, “Газпром Кыргызстан” ишканасы калкты жаратылыш газы менен камсыз кылууда альтернативдүү вариантты сунуш кылыш керек эле. Азырынча, тыптынч. Бул маселенин экономикалык жагы.

Эми саясый өңүтүнө кайрылалы. Армения дагы газ чарбасынын 100 үлүшүн орустардын “Газпром” компаниясына өткөрүп берип коюшкан. Алардын оппозициясы Евросоюзга ыктап сүйлөй баштаганда, газдын басымы азайды эле армяндар бизден мурда аттапбуттап Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирип кетти. Кыргызстан деле ЕАЭБдин мүчөсү катары биримдиктин жыргалын-кууралын бирге көрүп келе жатат. Канткен менен өлкөбүздүн экономикасы үчүн стратегиялык жактан маанилүү, ары кирешелүү тармак болгон газ, күйүүчү май продукциясы бир гана чет элдик ишкананын монополиясына айланып калганы суверендүү өлкө үчүн кечиримсиз иш го. Эгерде, “Газпром Кыргызстан” ишканасы кыргыз өкмөтүнүн айтканы менен болуп, өнүгүүгө бирге багыт алганда, анда Министрлер Кабинетинин төрагасынын токтому менен Энергетика министрлигинин алдында “Кыргызтранснефтегаз” мамлекеттик ишканасы түзүүнүн зарылчылыгы болбойт эле да. “Кыргызгаз” ААКнын материалдык-техникалык базасы эскилиги жетип, чирип калган күндө да, ал биздин ишкана болчу. Эми жаңы мамлекеттик ишкана газ тармагын өнүктүрүү үчүн баарын нөлдөн башташка туура келет. А 1 долларга ири ишкана түптөй албайсың. Жоопкерчиликтен качып, маанилүү ишкананы чет өлкөгө кармата берүүнүн сабагы ушул. Экономикалык барымтада калдык. Ошондуктан, мекенчил сезим баарынан жогору турушу кажет. Газыбыз жок болсо дагы, мамлекетибиз бар экенин унутпайлы.

Насилинде депутат Жеңишбек Токторбаев ток этер жерин айтты…

Шекербек КАЛЫКОВ
№5 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 24-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!