Непал — Түштүк Азиядагы тоолуу мамлекет. Ал түндүк жагында — Кытай Эл Республикасы (Тибет автономдук району менен), түштүк, батыш жана чыгыш жагында — Индия эки өлкө менен гана чектешет. Непал — деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекет. 2021-жылы өткөн Улуттук санак боюнча Непалдын калкынын саны 29 192 480 деп катталган. Анын географиясынын өзгөчөлүгү — Гималай тоолору, анын ичинде дүйнөдөгү эң бийик чокусу Эверест (Сагарматха) да ушул жерде жайгашкан. Непал өкмөтү интернеттеги соцмедиа платформаларын блоктогон. Өкмөттүн ал чечимине каршы митингге чыккан миңдеген жарандар менен 2025-жылы 8-сентябрда полиция кызматкерлери жана армиянын жоокерлеринин ортосунда кандуу кагылышуулар болгон. Анын кесепетинен 19 адам каза болуп, андан кийин жалпы каза болгондордун саны 25ке чейин жеткен деп расмий маалымдалууда. Айрым маалымат жайылтуучулар Непал мамлекеттик укук коргоо органдары менен Z муунунун ортосундагы кандуу кагылышууда жаракат алгандардын саны 600дөн ашканын билдирген. 9-сентябрда Непалдын премьер-министри менен ички иштер министри отставкага кеткенин дүйнө коомчулугуна жарыя кылды.
Facebook, Instagram, Tik Tok, Youtube өңдүү, бардыгы 26 популярдуу соцмедиа барактары Непалдын өкмөтү жарыялаган мөөнөттө өлкөнүн Коммуникация министрлигинде каттоодон өтпөгөндүгүнө байланыштуу Непал өкмөтү тарабынан блоктолгону айтылган. 4-сентябрдан тартып блоктолгон интернет булактарына WhatsApp, X баракчалары да кошулган. Интернеттеги соцмедиа платформалардын Непал өкмөтү тарабынан блоктолгонунан өлкөдө байланыш үзүлүп, жашоосу, бизнеси токтоп калганын айтып, нааразылык демонстрацияларына чыккан непалдыктардын көбү өзүлөрүн Z мууну деп атаган жаштар болгон. Алар Непалдын борбор шаары Катмандуда нааразылык акциясына чыгып, парламенттин дарбазасына келип, имаратты көздөй жулунганда мамлекеттик укук коргоо органдары жыгач союл, суу атуучу куралдарды, резина окторду колдонууга аргасыз болгонун коммуникация министри билдирген.
Ошентип Непалда социалдык тармактар үчүн болгон күрөш трагедия менен аяктаган. Ал өлкөдө өткөн тынчтык демонстрациялары “Gen Z” (жаңы муун) бейрасмий уюмунун катышуусунда коррупцияга, интернет айдыңындагы социалдык платформалардын бөгөттөлүшүнө, жаштардын келечекке үмүтсүздүгүнө каршы чыгып, өкмөттү өзгөрүүгө чакырык таштаган. Непалда нааразылык акциясына чыккан жаштар менен мамлекеттик укук коргоо органдарынын ортосунда 8-сентябрда кандуу каршылык акциялары башталган. Непал өкмөтү интернеттеги соцмедиа платформаларын блоктогон чечимге каршы тынчтык митингине чыккан жаштарга полиция тарабынан ок (кумдуу ок, желим ок) атылып, соңунда мамлекеттик укук коргоо органдары тарабынан колдонулган куралдуу күч менен “Gen Z” жаңы муунунун кагылышуусунан кан төгүлүп, анын кесепетинен кеминде 25 адам каза болуп, жүздөгөн адам жаракат алганы дүйнө коомчулугуна маалым болду.
Непал Федеративдик Демократиялык Республикасынын Премьер-министр Кхадга Прасад Шарма Оли 9-сентябрда кызматтан аргасыз кеткени, өкмөт социалдык тармактарга кирүүнү толук калыбына келтиргени жөнүндө расмий маалымдалды. Өкмөт башчы менен кошо бир катар башка министрлер да кызматтан кетүүгө аргасыз болгон, анын ичинде ички иштер, айыл чарба жана суу ресурстар боюнча министрлери да кеткени айтылууда. Бул көрүнүш митингге чыккан “Gen Z” кыймылынын талабын аткарып, өлкөдөгү окуяны жөнгө салуу максатында болгону дайын болду. Өкмөт улуттук чукул кырдаал кеңешин түзүп, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөп берүү, жарадарларга акысыз медициналык жардам көрсөтүү жана 15 күн ичинде териштирүүнүн жыйынтыгын тактап, тапшыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Окуяга назар салып турган Бириккен Улуттар Уюм (БУУ) кырдаалга катуу тынчсыздануусун айтып, Непалдын жаңы дайындалган расмий бийлигин тез жана ачык иликтөө өткөрүүгө чакырган.
Нааразылык акциясына чыккан жаштар бул окуяларды мурдагы муундарга сыйынуу эмес, келечекке үмүттүү жашоону талап кылуу катары көрүшүүдө. Алар пандемиянын, коррупциянын кесепетинен, өлкөдөгү экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн начардыгынан келечектен үмүт үзүлүп калганын билдирген. Жаштардын социалдык платформаларга кирүүсү – бул алардын үнүн өкмөткө угузууга мүмкүн болгон негизги курал экенин тастыкташкан. Алар социалдык тармак аркылуу өкмөттөн карапайым элге, жаштарга урмат-сый жана ишенимдүү келечек талап кылышкан. Бирок алардын үнүн укпаган өкмөт башчы Шарма Олинин бийлигинин өз элине күч колдонуусунун кесепети 25 адамдын өмүрүн кыйып, жүздөгөн адамдарды жарадар кылуу менен аяктаган.
“Gen Z” – бул англисче “Gene-ration Z” дегенден кыскартылган сөз. Кыргызча «Z мууну», же «Z муунундагы жарандар» деп түшүнүүгө болот. Бул муунга болжол менен 1995–2010-жылдардын аралыгында туулган жаштар кирет. Башкача айтканда, азыркы күндө 15 жаштан 30 жаштын тегерегиндеги адамдар. “Gen Z” муунунун өзгөчөлүктөрү, алар интернет жана смартфон менен чоңойгон биринчи муун – “digital native”. Социалдык тармактар аркылуу саясий жана жарандык активдүүлүгүн көрсөткөн муун. Алар билим, эркиндик, теңчилик жана социалдык адилеттүүлүк темаларына өзгөчө көңүл бурушат. Салттуу саясий партиялардан көрө түз аракеттерди, онлайн кыймылдарды жактырышат. Непалдагы кандуу кагылышууда “Gen Z” жарандар – өлкөнүн жаштары, студенттер жана жаңыдан коомго аралашып жаткан муун – коррупцияга жана өкмөттүн социалдык тармактарды жабышына каршы көчөгө толкуп чыккан негизги күч болгон.
КЫРГЫЗСТАНДАГЫ “GEN Z” МУУНУ
Кыргызстан эгемендүүлүктүн отуз жылдан ашуун мезгилин артта калтырып, ал учурда коомдун ар бир катмары өзгөрүүгө дуушар болду. Бирок акыркы он жылда коомдук турмушка жаңыча ой жүгүрткөн, санарип менен чоңойгон муун – «Z мууну» активдүү аралашып келүүдө. Алардын дүйнө таанымы ата-энесинен кескин айырмаланып, саясий процесстерден тартып маданий баалуулуктарга чейин жаңычылдык алып келүүдө. «Биздин үн – TikTok менен Telegramдан башталат» деген Санариптик доордун жаңы үнү угула баштаганы боюнча маалыматтар бар. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери үч муун алмашты. Азыркы Z мууну дүйнө элдериндей эле 1995–2010-жылдар аралыгында төрөлүп, санарип доорунун балдары катары тарбияланып келаткан жаштар. «Z мууну – бул эс тарткандан баштап интернет менен чоңойгон Кыргызстандагы алгачкы муун. Алар үчүн дүйнө чек арасыз, маалымат булактары эркин, мүмкүнчүлүктөр чексиз болушу керек», — деп белгилешет эксперт-социологдор. 2020-жылдагы Кыргызстандын октябрь окуясында митингдердин алдыңкы сабында турган жаштардын көбү Z муунунун өкүлдөрү болгону маалым. Адилетсиз өткөн шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип көчөгө чыгуу менен катар алардын Telegram – чаттары, TikTok – видеолору жана Facebook – посттору саясий курал катары колдонулганы талашсыз.
Маданият тармагына келсек, комуз менен “K-pop” айкалышы да өзгөчө мааниге ээ. K-pop («Korean pop» же «кореялык популярдуу музыка») – Түштүк Кореядан чыккан заманбап музыкалык агым. Ал поп, рэп, рок, R&B, электрондук музыка сыяктуу ар түрдүү жанрларды аралаштырып, уникалдуу стиль жаратат. K-pop дүйнөгө өзгөчө төмөнкү багыттар менен таанылган: Айдол (идол) системасы – атайын тандалып алынган жаштар көп жылдык даярдыктан өтүп, андан кийин атайын топторго биригип же жеке ырчы катары дебют жасашат. Көркөм шоу-программа – ырдаган, бийлеген жана сахналык образды бириктирген чыгыш маданиятына мүнөздүү көрүнүш. Фанат маданияты – шоу жылдыздарынын дүйнө жүзүндөгү миллиондогон күйөрмандары биригип атайын клубдарды түзүп, сүйүктүү топторуна ар тараптан колдоо көрсөтөт.
Глобалдуу таасири жөнүндө сөз кылсак, BTS, BLACKPINK, EXO, TWICE сыяктуу топтор дүйнөлүк музыка алкагында лидер болуп, Корея маданиятын (Hallyu — «корея толкуну») бүтүндөй жер шарына жайылтууга жетишкени маалым. Тагыраак айтканда, K-pop жөн гана музыка эмес, ал – глобалдуу маданий феномен, музыка, бий, мода жана күйөрмандар ааламын камтыган чоң индустрия. Айдол системасы – бул K‑pop индустриясынын негизги модели, анда жаш таланттарды атайын агенттиктер (SM, YG, JYP, HYBE ж.б.у.с.) чакырып алып, көп жылдык машыгуулардан өткөрүп, андан кийин гана сахнага чыгарышат. Аларды тандоо (audition) шартына келсек, агенттиктер дүйнө жүзү боюнча сынактарды өткөрүп, ырдай алган, бийлей алган, харизмасы күчтүү жаштарды тандап алышат. Даярдык же машыгуу – тrainee (машыктыруучу мезгил) убактысы дебютка чейин айдолдор 3 жылдан 10 жылга чейин машыгышы мүмкүн. Алар ырдоо, бийлөө, сахналык жүрүш-туруш, тил үйрөнүү (англисче, жапончо, кытайча) боюнча үзгүлтүксүз сабак алышат. Ошол эле учурда алар темирдей тартипти сакташат. Сырткы келбет, жүрүм-турум, социалдык медиадагы аракеттер көзөмөлгө алынып турат. Андан соң агенттиктер даяр болгон топту же жеке ырчыны (solo idol) расмий тааныштырып, чоң жарнама менен дебютка – сахнага, дүйнө коомчулугуна алып чыгат.
Айдолдун негизги милдети жөн гана ырдап-бийлөө эмес, күйөрмандар менен активдүү байланыш түзүү, реалити-шоуларга катышуу, социалдык медиада иштөө. Алар коомго үлгү катары көрсөтүлөт, ошондуктан көп учурда «идеалдуу адам» образын карманып турушат. Күйөрмандык маданият жөнүндө сөз кылсак, айдолдор менен фанаттардын байланышы өзгөчө. Ар бир айдолдун жеке жана топтук «фандому» болот (мисалы, BTS –ARMY, BLACKPINK – BLINK). Фандом (же фандомдор) – бул фильм, китеп, телесериал, музыкалык топ же видео ролик болобу, ошол эле маданий феноменге күйгөн адамдардын субкультуралык жамааттары. Фандомдор альбом сатып, концерт уюштурууда, онлайн добуш берүүдө чоң роль ойнойт. Башкача айтканда, айдол системасы – фабрика сыяктуу, таланттарды тандап алып, узак убакыт бою даярдап, анан идеалдуу образдагы артисттерди дүйнө коомчулугунун назарына алып чыгуу. Эл аралык алака – ааламдашуу процессинде ээлеген орду чоң.
Кыргыз Z мууну маданий жактан эки дүйнөнүн ортосунда жашайт. Бир жагында – улуттук баалуулуктар, эпостор, улуттук оюндар. Экинчи жагында – K-pop, рэп, TikTok тренддери. Жаштар комуз чертип жатып, ошол эле учурда кореялык топторду да угат. Улуттук кийим кийип, бирок аны замандын стили менен айкалыштырат. «Бул муун маданиятты жоготпойт, тескерисинче, аны жаңылап, дүйнөлүк деңгээлде көрсөтө алат», — дейт эл аралык маданий эксперттер. Экономикада фриланс менен стартаптын дооруна токтолсок, Z муунунун өкүлдөрү үчүн мамлекеттик кызмат эң акыркы орунда болуп калат. Алар фриланс, IT жана стартап тармагына көбүрөөк умтулушат. Кыргызстандагы жаштардын арасында графикалык дизайн, программалоо, мобилдик тиркеме иштеп чыгуу сыяктуу кесиптер популярдуу. Алардын көпчүлүгү чет өлкөлөрдөн билим алууга жана иштөөгө умтулат. Статистикага ылайык, 2023-жылы Кыргызстандагы эмгек мигранттарынын ичинде 25 жашка чейинки жаштар 35 пайызды түзгөнү аныкталган.
Z мууну үчүн эң негизги түшүнүктөр – эркиндик, теңдик жана айлана-чөйрөгө кам көрүү. Гендердик теңчиликке өзгөчө көңүл бурат. Алар кыз-жигит тең укуктуу болушу керек деп эсептешет. Айлана-чөйрөгө көңүл буруп, экологиялык акцияларга активдүү катышышат, «жашыл экономика» демилгесин колдошот. Сөз эркиндигинин ролу алар үчүн абдан жогору. Ар бир пикирди ачык айтуу – алардын жашоо философиясы. Жумушсуздукка, максатсыз миграцияга, мамлекеттик институттардагы коррупцияга каршы. IT тармагын өнүктүрүүгө, санарип экономикасын өркүндөтүүгө, жарандык коомдун күчөшүнө мүмкүнчүлүк түзүүнү каалашат. Жыйынтыктап айтканда, Z мууну – Кыргызстандагы эң жигердүү жана эң эркин ой жүгүрткөн катмар. Алар саясатта жаңы лидерлерди талап кылып, улуттук жана глобалдык маданиятты айкалыштырып, экономикада санариптик мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга умтулган муун. Алар «Биздин ата-энелер көчөдө революция жасаса, биз интернетте революция жасайбыз» — деген максат менен алдыга кадам таштап келатат. Z муунунун үнү күндөн-күнгө күчөп баратканын байкоого болот. Алардын багыты улуу муун тарабынан туура колдонулса, Кыргызстанды зор ийгиликтерге, жаңы мүмкүнчүлүктөргө алып барары талашсыз. Анткени, алар дүйнөлүк алакадагы ааламдашуу процессинин активдүү өкүлдөрү.
Бахпурбек Аленов