"Эркин-Тоо"

Генерал Бекболотов эмнеге үн катпайт?

Коргоо министрлигинин Оштогу аскер бөлүгүндө аскердик мүлктү максаттуу пайдаланышына карата текшерүү жүргүзсө кыңыр иштер калкып чыкканы кабарланды. Текшерүүдө аскердик бөлүктүн жооптуу кызматкерлери 2 миллион 300 миң сомго чейинки ар кандай материалдык баалуулуктарды мыйзамсыз коротууга жол беришкендигин күч түзүмдөрүнүн из кубарлары аныкташкан. Башкасын алдыдагы тергөө аныктаар. Кызыгы, Коргоо министрлигинин өздүк курамында дал ушундай кыңыр иштер куру болбой, элге жарыяланып жатса да министр Бактыбек Бекболотов эмнеге үн катпайт? Билмексен боло “унчукпаган үйдөй балээден кутулуптур” деген образга өткөнүбү? Же өткөн жылы тармакта катар-катар аскерлер көз жумуп жатканда үн катпаган Бекболотов мындай иштерге андан бетер үндөбөйбү? Жардамчысынын артына жашынып, кайрылгандарга ал аркылуу ар шылтоону айттырбай, бирдеме дебейби?

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!