"Эркин-Тоо"

Генерал Исмаил ИСАКОВ: «ЧЕК АРАНЫН ЧЕЧИЛГЕНИН ЧОҢ ИЙГИЛИК КАТАРЫ БААЛАШЫБЫЗ ЗАРЫЛ»

— Исмаил аке, сөзүбүздү кыргыз-тажик чек арасынын чечилиши боюнча баштасакпы дейм. Эки тарап мунасага келип, келишимдер парламенттер аркылуу ратификацияланып, президенттерибиз кол коюп, мыйзамдар күчүнө кирди. Чек ара маселеси боюнча дайыма так жана ачык көз карашыңызды айтып жүргөн саясатчы катары сиздин пикириңиз маанилүү…

— Өзү чек ара маселелерин чечип жатканда жерлер, кандай жагдайда качан алмашылат? Жерлер качан мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу зарылчылыгы болгондо, мамлекеттин кызыкчылыктарын сактоодо, айлана-чөйрөнү коргоодо, өлкөнүн экономикалык жана чек арада жашаган элдердин социалдык проблемаларын чечүүдө, айылды башка айылдар менен байланыштырууда жана жашаган элге ыңгайлуу инфраструктураны түзүүдө. Ошону менен бирге, эгерде чек араны кооптуу жана ыңгайлуу коргоо же кайтаруу керек болгон учурда жана эки тарап кандайдыр бир чек арадагы жерлерди биргелешип колдонууга муктаж болушканда.

Мына дал ушул тизмеленген жагдайлар жана шарттардын негизинде ошол жердеги жашаган тургундарыбыздын жеке кызыкчылыктарынан мамлекеттин кызыкчылыгы жогору коюлуп, экономикалык жана элдин социалдык маселелерин туура чечүү, алардын жашоо турмушуна жакшы инфраструктаны түзүү жана чек араны ыңгайлуу коргоо үчүн экинчи тараптын макулдугу менен алмашуулар болуп, чек ара маселеси чечилди. Бул абдан жакшы жана тарыхый көрүнүш. Мындан ары тажик эли менен кылымдар бою тынчтыкта, достукта жана ынтымакта кандай жашап келсек, дал ошондой жашаганга шарт түзүлүп, жол ачылды. Бул биздин жетекчилердин эмгеги. Буюрса, демаркация иштери бүтүп, жарандарыбыз жаңы жердеги инфраструктурасы жакшы жана ыңгайлуу салынган үйлөрдө жашап, коопсуздуктары камсыз кылынгандарын жана социалдык проблемалары чечилгендерин көрүшкөндө, мамлекет жетекчилерибиздин ушул багытта аткарган иштерин жана эмгектерин баалашып, ыраазы болушат. Бул боло турган иш. Буга далил катары “Барак” айылынын чечилишин айтсак болот.

— Чек аралар чечилбей, отуз жыл бою илең-салаң болуп келиши мурдагы президенттердин күнөөсү болдубу?

— Чек ара маселеси чечилбей анын илең-салаң болуп келишине мурдагы президенттер күнөөлүү дегенден, маселени ичинен билген жана алардын кемчиликтерин беттерине айтып, туура жолду көрсөтүүгө аракет кылган саясатчы катары айткандан алысмын. Алар дагы өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө жана шарттарына жараша чек ара маселесин чечүүгө аракет кылышкан. Албетте, мында Президент Садыр Жапаров мырза менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев мырза чечкиндүүлүктү жана эрктүүлүктү көрсөтүп, Келишимди ратификациядан өткөрүшүп, Кыргызстанды чек ара маселеси толук чечилген өлкөгө айлантышып, отуз жылдан берки талашка чекит коюшту. Муну чоң ийгилик катары баалашыбыз зарыл.

— Күч түзүмдөрүнө өзгөчө көңүл бөлүнүп, курал-жарактар сатып алынганы, айлык маяналар көбөйгөнү айтылып келет. Буга кандай баа бересиз?

— Байыркы замандарда эле акылмандар “Тынчтыкты кааласаң согушка даярдан” деп айтып келишкен. Ал эми акылман падышалар элин-жерин жана мекенин коргоо үчүн жоокерлерин жакшы куралдандырып, ар кандай машыгуулар менен алардын даярдыктарын күчөтүп, жашоо шарттарын жакшыртып, кол салган душмандарынын сазайын берип килейген империяларды түзүшкөн. Аны тарых тастыктаганын баарыбыз жакшы билебиз. Биздин Мамлекет башчылар да ушул принципте элибиздин тынчтыкта жашоосу үчүн, өзүң айткандай күч түзүмдөрүнө курал-жарактарды жана техникаларды сатып беришип, жашоо шарттарын жакшыртып, айлык маяналарын көбөйтүп жатышат. Албетте, бул элибиз жана мамлекетибиз үчүн жакшы иш жана баарыбыздын колдообузга татыктуу. Ошону менен бирге анын экинчи жагына, тагыраак айтканда кадр маселесине, жоокерлерди, резервдерди жана күч түзүмдөрүнүн кызматчыларын учурдун талабына ылайык даярдоого көңүл буруу зарылчылыгын да эстен чыгарбоо керек. Анткени, Орусия менен Украинанын ортосундагы “чатак” көрсөткөндөй согуш жүргүзүү жолдору, курал-жарак жана техникаларды колдонуу түп тамыры менен өзгөрүлдү. Ага тез өсүп жаткан илимий-техникалык прогресс болуп көрбөгөндөй таасирин тийгизди. Ошондуктан, биз дагы алардан сабак алып, мурунку курал-жарак жана техникаларга багытталган доктринабызды жана түзүмдөрдүн түзүлүшүн карап чыгып, жогоруда айтып кеткен экинчи жактын үстүнөн иштешибиздин керектиги бүгүнкү күндүн талабы.

— Дагы бир маселени сурай кетейин, эгемендүүлүк алгандан кийинки жылдарда кылмыш дүйнөсү өзүнчө империя түзүп, мамлекетти чырмооктой чырмап алганын билебиз. Акыркы мезгилдеги күрөш жыйынтыгын бердиби?

— Туура айтасың, алар империя эле эмес, мамлекеттик бийликтин бутактарынын бардыгына, өзгөчө укук коргоо органдарына, сот, прокуратурасынан бери жайылып, баарыбызга маалым болгондой, кыбыр эткен маселелерге чейин кирише башташкан. Ошонун кесепетинен өлкөбүздө тартипсиздик күч алып, коррупция жана кылмыштуулук гүлдөп, экономикалык абалыбыз начарлап, кээ бир жарандарыбыз укук коргоо органдарына кайрылгандын ордуна кылмыштуу топтун өкүлдөрүнө расмий кайрылышып, маселелерин чечүү нормалдуу көрүнүш болуп калганын эч кимибиз жокко чыгара албайбыз. Ошондой кылмыштуулуктун империясы менен күрөшүп, мамлекеттик бийлик бутактарын алардан тазалап, тартипти орнотуп, коррупцияга бөгөт коюуда Президент Садыр Жапаров мырза менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы, Кыргыз эл баатыры Камчыбек Ташиев мырзанын эмгектерин баса белгилеп, баалап кетишибиз керек. Алар тарыхта болбогон, мурунку президенттердин бири дагы бара албаган иштерге барышып, кылмыштуу топ менен аёосуз күрөштүн негизинде алардын тамырлары жулунуп, канаттары кыркылып, мамлекет тазаланып, бизнес чөйрөсүндөгүлөр “доляларын” бербей жеңилденишип, өлкөбүздүн туруктуу өнүгүшүнө шарт түзүлүүдө. Бул күрөштүн жыйынтыгы жана жемиши. Бирок, биз ушуну менен күрөш бүттү, кылмыштуу топтун “таш талканы чыгып талкаланды” деп өзүбүздү сооротпошубуз керек, анткени аларды өнүктүрүп өстүргөн “почва” ошол бойдон калды. Көнүп калган кулк-мүнөзүбүздөн арылган жокпуз, кээ бирөөлөрү “подпольеге” кирип кетсе, кээ бирөөлөрүнүн жулунган тамырларынын калдыктары калды. Али да болсо бийлик бутактарына киргизилген   кадрларынын беттери толук кандуу ачыла элек, алар милдеттерин дагы да аткарууда.

— Анда күрөш дагы уланат экен да? Туурабы?

— Туура. Анткени, жогоруда тизмеленген калдыктарды тазалоо процесси сөзсүз жүрүшү керек. Ал бир күндүк же бир айлык же бир жылдык иш эмес, ал туруктуу улана турган иш. Орус юмористи Г.Хазанов (орусча так жана түшүнүктүү болгондуктан маанисин өзгөртпөй айтайын) “Товарищи! Раз существует МВД, значит существует и преступность. Раз существует преступность, значит существует МВД…” деп бекеринен элди күлдүрбөсө керек. Демек, УКМК менен ИИМ болгондон кийин сөзсүз кылмышкерлердин болоору шексиз жана күрөш мындан ары да улана бере турган иш.

— Мындан ары кылмыштуу топтор баш көтөрбөшү үчүн эмнелерди жасашыбыз керек?

— Алар баш көтөрбөс үчүн азыркы аткарылып жаткан иштерди улантуу менен бирге буга кошумча комплекстүү иштерди алып баруу зарыл. УКМК жана ИИМге ишенип жана аларга таянуу мыйзамдуу жана жакшы, бирок жетишсиз. Алар да кандайдыр бир убакта, эгерде шарт түзүлүп калса, кылмышкерлердин ордуна коомдун “өзгөчө” бир катмарын “калкалап” элибизге жана мамлекетибизге коркунучту жаратып коюшуна эч ким кепилдик бере албайт. Ошондой болушуна жол бербес үчүн, албетте биринчи мөөнөттө өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгүнүн өкүм сүрүшүнө жапа тырмак аракет кылып, Күн бардыгына бирдей тийгендей, мыйзам карапайым жарандардан баштап бардыгына бирдей иштей турган акыбалга жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү пайдаланып, бирдиктүү иш алып барышыбыз зарыл. Экинчиден, элибизди-жерибизди, Ата Мекенибизди урматтоо, чексиз сүйүү сезимдерин арттырып, жаман жолго барбоо үчүн бала бакчадан тартып мектеп, андан кийин жогорку окуу жайларында тарбия-таалим иштерин туура нукка салуу керек. “Адамдын жакшысы-жаманы туулгандан эмес, тарбиядан” деп биздин ата-бабалар бекеринен айтып келген эмес.

Үчүнчүдөн, жарандык коом менен массалык маалымат каражаттарынын активдүү иштешине шарт түзүп, болуп жаткан мүчүлүштүктөрдөн арылышыбыз дагы өтө маанилүү. Дал ошолор кылмышкерлерди, коррупционерлерди жана мыйзамды бузган аткаминерлерди ар тараптан иликтеп, ачыкка чыгарганга, курттарды тазалаган “санитар” чымчыктардай мамлекетти тазалаганга жардам беришет. Ошону менен бирге ачыктаган материалдары жана публикациялары үчүн алардын өздөрүнүн жоопкерчиликтери күчөйт, конкреттүү фактылар жана далилдер менен негиздегенге үйрөнүшөт, маалымат чөйрөсүндө атаандаштыкты жаратышып, коомдун ачык жана активдүү болушуна салымдарын кошушат. Ушуну менен биз баш мыйзамда бекитилген кээ бир нормаларды дагы бекемдейбиз. Төртүнчү, бул өтө маанилүү иш, баарыбыз эңсеген көз карандысыз сот системасын түзүү менен сот адилеттигин камсыз кылуу. Ал үчүн бир жагынан убакыт, экинчи жагынан олуттуу реформаларга баруу талап кылынат. Акыркысы, кадр маселесиндеги мүчүлүштүктөрдү оңдоо менен кадрларды даярдоо процессин жакшы нукка салуу. Алардын сөзүнө эмес аткарган иштерине баа берип, бир тепкичтен экинчиге, экинчиден үчүнчүгө көтөрө турган механизмдери ачык жана адилеттүү иштөөлөрү зарыл. Жыйынтыгында, жогоруда айтылган иштерди биргелешип аткарсак кылмыштуу топтун баш көтөрүшүнө жол берилбейт, коррупцияга бөгөт коюлат, өлкөбүз өнүгөт, турмуш-тиричилигибиз жакшырат, ынтымагыбыз бекемделип, өлкөбүздүн эл аралык аброю жана индекстери жогорулайт.

Зулпукаар САПАНОВ