-Исмаил Исакович, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу августа башталганы турат. Кыргызстандагы бөлүгүн куруу үчүн үч өлкөнүн ортосунда түзүлгөн компания иш алып барары маалым болду. Каражаттын 51%ын Кытай, калган сумманы Кыргызстан менен Өзбекстан чыгара турганы айтылды. Эң башкысы чыгымын актагандан кийин темир жол биздин мамлекетке кайтарылары белгиленди. Муну туура эле кабыл алсак болобу?
-Үч өлкөнү кошо турган темир жолдун курулушу, өзгөчө биз үчүн өтө маанилүү болчу. Анткени, бул Кыргызстанды дүйнөдөгү логистикасы ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошо турган жол. Ошондуктан, жолдун курулушун стратегиялык багыттагы иш-чара катары баалап, Кыргызстандын жаңы тарыхындагы эң ири жана кыргыз элинин кызыкчылыгына, келечектеги бакубат жашоолоруна багытталган долбоор экендигин түшүнүп, барыбыз колдоого алышыбыз зарыл. Ошону менен бирге бул долбоор, жыйырма жылдан ашуун сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы жана Садыр мырзанын эрктүү чечимдеринин жемиши катары бааласак дагы туура эле болот деген ойдомун.
Темир жолду куруу көптөн бери сүйлөшүлүп келе жатканы менен ар кандай жагдайларга байланыштуу ушул убакытка чейин созулуп чекит коюлбай келген. Президент Садыр мырза, Жогорку Кеңеш аркылуу ратификациядан өткөн мыйзамга 27-июнда кол коюп, бул маселеге чекит койду. Эми Кудай буйруп, темир жол курулуп калса, биз аркылуу товарларды кыска мөөнөттө Чыгыш Азияга, Жакынкы Чыгышка жана Европага жеткиргенге жана ал жактан товарларды алып келгенге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Биздин коңшулардын жол тутумдарына караганда Кытайдан товарларды ташуу мөөнөтү 7-8 күнгө кыскарат. Демек, товарларды ташуу биз тарапка бурулуп, товарлардын бааларынын арзандалышы, бюджетке кошумча каражаттардын түшөрү, жумуш орду жана жаңы кесип ээлери пайда болушу шексиз. Булардын бардыгы биригип, өлкөнүн өнүгүшүнө жана Кыргызстандын эл аралык аброюнун жогорулашына алып келет. Долбоордун баасы 4 млрд 700 млн доллар болсо, өзүң айткандай анын 51%ын же 2 млрд 397 млн долларын Кытай, калган 49%ын же 2 млрд 303 млн долларды биз менен Өзбекстан бирдей өлчөмдө төлөмөк болуппуз. Үлүшүбүз кандай болгон күндө дагы, долбоор абдан пайдалуу, келечекте кеткен чыгымды актамак тургай биздин экономикабыздын өнүгүшүнө салымын сөзсүз кошот. Ошону менен бирге Орто Азиянын жүрөгүндө жайгашкан Кыргызстанды дүйнөлүк аренада маанилүү жана кургак жол тутумдары ыңгайлуу өлкөлөрдүн катарына кошо турганын жана стратегиялык багыттагы өзгөчө долбоор экендигин дагы бир жолу баса белгилеп кетер элем. Анткени, бизден өткөн жолдун узундугу 312 чакырым болсо анын ичинде 81 көпүрө, жалпы узундугу 120 чакырымга жеткен 41 тоннель жана 18 станциянын салынышы күтүлүүдө. Ойлоп көрсөң, узундугу 120 чакырымдай 42 тонелди. Мындай долбоорлорду ишке ашыра берсек келечекте эң көп тоннелдүү өлкө катары “Гиннес” китебине кирип калышыбыз дагы мүмкүн.
-“Кашкар-Торугарт-Макмал-Жалал-Абад-Анжыян” маршруту боюнча салына турган болду. Бул дагы биздин өлкө үчүн туура болдубу? Дегеним, Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече багытындагы темир жолду Макмалга чейин жеткирсек, өлкөнү түндүк-түштүгү менен байланыш түзүлөрү айтылууда.
-Мурда маршурут боюнча ар кандай пикирлер айтылып келген. Жогоруда айтылган маршруттардан башка Кытай-Нура-Ош анан Өзбекстанга өтсө каражат азыраак сарпталып, убакыт дагы кыскарат эле деген сунуштар бир вариант катары каралып, Өзбекстан ошол маршрутту жактырып, ошол тарапка көбүрөөк ыктаган болчу. Ошого карабай биз, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн түндүк менен түштүктү бириктире турган маршрутту туура деп, Торугарт аркылуу Жалал-Абадга чыккан маршрутту колдоого алган элек. Албетте, буга чейинки айтылган пикирлер, берилген сунуштар, ошол бойдон калды, анын баары өттү, кетти. Эми үч өлкөнү ынандырып, баарынын купулуна толгон азыркы маршрут туура эле тандалган. Бул маршруттун артыкчылыгы катары колеяны алмаштыруу Макмалда болгонун баалап кетер элем. Колеяны алмаштырган иш-чаранын арты менен ошол станциянын инфраструктурасы өзгөрөт. Демек, Макмалдын инфраструктурасы жакшы жагына өзгөрүп, келечекте кичинекей өнүккөн шаарчага айланат. Бул биз үчүн жакшы чечим.
Темир жол бүткөндөн кийин, келечекте каалаган точкабыздан негизги артериялык жолго кошуп алсак боло берет. Бишкек–Балыкчы жолу Кара-Кечеге, андан ары Макмалга кошулуп, түндүк менен түштүк сөзсүз байланыштырылат. Бул боло турган иш. Анда оор жүктөрдүн басымдуу көпчүлүгү азыркы унаа жолдорунан каттабай, жолдордун өмүрүн узартат, сапаттуулугу сакталат, баалардын арзандашына таасирин тийгизет, жол кырсыгы азаят. Аны менен бирге эл ташыган вагондор иштей башташына дагы шек жок, кыскасы темир жолдун келечеги зор.
-Коомчулукта “Кемпирабадчылар” деп аталган иш боюнча айыпталгандардын акталышын кандай бааладыңыз? Бул факты сот иштерине бийликтин кийлигишпегендигинин далили болобу?
-“Кемпирабадчылардын” акталышын ачык айтып жүргөн жаран катары, туура чечим болду деп жакшы жагынан бааладым. Эми биринчи инстанциянын чечими акыркы болбогондуктан “сабырдын түбү сары алтын” дегендей сабыр кылып, акыркы чечимдер чыкканга чейин күтүп турушубуз керек. Прокуратура өз укугун пайдаланып аппеляциялык арызын бериптир. Эми ишти кайрадан шаардык сот карайт, андан кийин Жогорку сотко жетери анык болуп калды.
Кийлигишпөө жөнүндө айтсам, мамлекеттик бийлик системасынын түзүлүшүн жакшы түшүнгөн жана анын артыкчылыгы менен кемчилдиктерин билген саясатчы катары жана соттордун саясий маселе боюнча чечимдери бийликтин кийлигишүүсүз чыкпай турганын ичинен билген адам катары бийлик кийлигишпеди деп айтуудан алысмын. Бийлик кийлигишпесе алардын ар биринин өткөн жолдорун, мамлекетке сиңген эмгектерин, жашын, ден-соолуктарын, коомго коркунуч келтирерин же келтирбөөлөрүн жана башка жагдайларын мыйзамдын талабына ылайык карабай, аларды “дүңүнөн” камайт беле? “Кемпир-Абад” берилбесин дешип, нааразычылык акцияларды уюштуруу аракеттери же сөздөрү үчүн сот процесстерин жабык өткөрөт беле? Прокурору жыйырма жылга кесүүнү сурайт беле? Иши кылып, ишенүүгө негиз боло турган фактылар сөздөн башка жокко эсе. Ошондуктан, сүйүнүч, кубаныч, ишеним артуу же артпоо али алдыда… Ошого карабастан Биринчи май райондук соттун адилетүү чечимин жана кийлигишпөө жөнүндөгү сөздөрдү жакшылыктын жышааны деп, мындан жогорку инстанциянын соттору дагы адилеттүү чечимдерди чыгарат, бийлик өкүлдөрү өздөрү айткандай сот процесстерине кийлигишпейт деп ишеним артып туралы. Барын убакыт тастыктайт.
-Буга чейин криминалдык дүйнө менен күрөш жүргүзгөн күч органдары учурда диний экстремисстик топторго каршы күрөштү баштаганы байкалууда. 30 жылдан берки идеологиялык боштукта тамырын кенен жайган диний фанатизим менен күрөшүүгө чама чаркы жетеби?
-Капа болбосоң “отуз жылдык идеологиялык боштукта…” деген сөздү колдонбой эле койолу, себеби азыркыга чейинки мамлекет башчылары, аларга болгон көз караштарыбыз ар кандай болгондоруна карабай, ошол учурдагы мамлекеттик бийлик системасынын түзүлүшүнө, тышкы жана ички кырдаалга, президенттердин жүргөзгөн саясаттарына, мамлекеттик органдардын кызматкерлеринин билими менен тажырыйбасына, деңгээлдерине жана аракеттерине жараша, жогорудагы айтылган терс көрүнүштөр менен жаманбы-жакшыбы күрөшүп келишкен. Аны жакшы жагына сыпаттагандар мамлекеттик ЖМКлар болушкан.
Ал эми азыркы учурдагы кылмыштуу топтор менен болуп жаткан аёсуз күрөш, кемчилдиктерге карабай коомчулуктун басымдуу көпчүлүгү тараптан колдоого алынып, күрөштүн жемишинин “даамын” чакан жана орто ишкерлер тата баштаган учур. Оор болсо дагы, коомчулуктун кандайдыр бир бөлүгүнө жакпаса дагы тазалануу процесси тарапка багыт алып, алгачкы кадамдарыбызды шилтей баштадык, бул дагы чындык. “Аппетит приходит во время еды” дегендей, азыр күч органдарында ишеним пайда боло баштады, кызматкерлердин духтары көтөрүлүп, мамлекеттин коопсуздугун сактоо үчүн тырышып иштөөгө умтула башташты. Анткени, өзгөчө К.Ташиев мырза жетектеген мамлекеттик коопсуздук кызматынын райондук жана облустук инфраструктуралары жакшырып, материалдык-техникалык базалары чыңалып, кызматчыларынын натыйжалуу иштөөлөрүнө шарттар түзүлүүдө, айлык маяналары көтөрүлүп, батирлер менен камсыз болууда. Бул иш-чаралар дагы улуттун коопсуздугун камсыз кылууга жакшы жагынан таасирин тийгизет. Аны менен бирге Камчы мырза кызматчылардын билимине басым жасап, кадрларды өзүбүздө даярдоо үчүн окуу жайын ачып, ага жаңы имараттарды салып жатат. Анын мындай алгылыктуу иш-аракеттери келечекте мамлекет үчүн абдан жакшы. Бир сөз менен айтканда мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылганга жетекчилер тараптан жакшы аракеттер жүрүүдө. Ушулардын алкагында мамлекеттин тиешелүү күч органдары азыркы коркунучтарга жана чакырыктарга анын ичинде диний экстремизм жана диний фанатизмге жол бербей, бөгөт коюуга даярдыктарды көрүп жатышат деп айтууга толук негиз бар.
Ошону менен бирге, бүгүнкү ааламдашкан заманда жана интернет ресурстарынын жалпы коомго, өзгөчө жаштарга таасири болуп көрбөгөндөй күчөп жатканда, радикалдаштырылган диний топтор менен күрөшүү же ага жеткирбей алдын ала түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жогорудагы айтылган иш-чаралар менен эле жетиштүү болот дегенден алыс болушубуз керек. Анткени, өлкөдөгү мыйзамдуулуктун үстөмдүгүнүн өкүм сүрүшү жана бийлик бутактарынын баш мыйзамда бекитилген багытка ылайык жүргүзгөн бирдиктүү саясатынын негизинде комплекстүү иш алып барууларынан дагы көз каранды. Муну менен бирге өлкөбүздөгү коррупция, куда-сөөк, тууганчылык менен жердешчилик дагы коомго өзгөчө жаштарга терс таасирлерин тийгизет. Жаштар аны көрүшүп, арасында камырдай журулуп, өсүп-өнүгүп жүрүшөт. Ушундай кырдаалда жаштарга башка жолдорду көрсөтсө алар тез эле баш-оту менен кирип, ошолорго ишенип, фанат болуп кетүү коркунучу жок эмес, бар. Ошондуктан, жогорудагы айтылган терс көрүнүштөргө берилгендерди дароо эле камап, жазалоо жолу менен эч качан туруктуу ийгиликке жете албайбыз. Туруктуу ийгиликке жетүү үчүн мамлекет жана мамлекеттин бийлик органдары комплекстүү жана бирдиктүү иштерди алып барышы зарыл. Ал үчүн барыбыз макул болуп, баш мыйзамда бекитилген светтик жолго түшүшүбүз керек. Бүгүн светтик өлкө деген Конституциялык норма декларативдүү эле болуп калган. Аны Конституцияны барактап окуганда гана эстей турган болуп калганбыз. Аны светтик, өнүккөн өлкөлөргө чыкканда мактануу үчүн гана колдонуп калганбыз. Анын маңызын жана кандай жол экенине түшүнүп, башка адистерди даярдагандай эле адистерди даярдап, бала бакчадан тартып, мектеп андан кийин жогорку окуу жайларына чейин светтик өлкө, эмне деген өлкө экендигин түшүндүрүп, анын эрежелери менен жашоого жаштайынан үйрөтүп, Конституциянын 9-беренесинин талаптарына ылайык дин жана бардык диний ырасымдар мамлекеттен ажырытылганын, диний бирикмелердин, дин кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынган нормаларды так сактап, дин маселеси боюнча популистик иш аракеттерден арылышыбыз зарыл.
Көзүбүздөгү “розовый” көз айнектерди алып салып, айланабызда болуп жаткан окуяларга реалдуу баа берип, динибизге (салттуу исламга) жана кыргыздын үрп-адаттарына, каада-салттарына бөтөн келген көрүнүштөрдү байкап көрбөйлүбү? Бөтөн жана терс көрүнүштөрдү кылдаттык менен талдап, аларды оңдоо үчүн мамлекеттик органдар мыйзамдын үстөмдүгүнүн алкагында бирдей түшүнүк менен комплекстүү иш алып барганда гана мамлекеттин коопсуздугу толук кандуу камсыз кылынып, жарандарыбыз туура эмес жолдон, анын ичинде диний экстремизм жана диний фанатизм жана башкаларынан арылып, салттуу динибизди, кыргыздын үрп-адаттарын, каада-салттарын ыйык сактап, эң негизгиси тазаланып анан өлкөбүздүн биримдигине, стабилдүүлүүнө жана өнүгүшүнө басымдуу салымдарын кошушуп, өлкөбүз Конституцияда бекитилген багыттагы жолдор менен өнүгүп, Кыргызстандын эл аралык аброюу жогоруламак.
Зулпукаар Сапанов