"Эркин-Тоо"

ГЕНЕРАЛ САМАТ КУРМАНКУЛОВ МОСКВАГА ДАРЫЛАНУУГА ЖӨНӨТҮЛДҮ

Эсиңерде болсо, 2019-жылы Кой-Таш окуясында «эки достун» тирешинин айынан ден соолугунан олуттуу жабыркаган Самат Курманкуловдон кабарчыбыз кабар алган жайы бар. Генералдын ал-абалын, дарыланууга муктаж экенин кабарчыбыз соцтүйүндөр аркылуу коомчулукка кабардар кылаар замат эл өкүлү Жеңиш Токторбаев дароо колун сунуп, материалдык жактан көмөгүн көрсөткөн эле. Муну менен чектелбеген Жеңиш мырза узаган жуманын соңунда генерал Курманкуловду дарылануу үчүн Москвага жөнөттү. Анын мындай соопчулук аракетин ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев, Россиядагы элчибиз Гүлнара Клара-Самат, “Манас” аба майданынын башчысы Манас Самудинов колдонбуттан алып, чоң салымдарын кошушту. Бу Жеңиш Токторбаев парламенттен оргу-баргы сүйлөгөнү менен тилинен чыккан кебин иш жүзүндө далилдеп келет. Анын мындай аракетин колдоп койгонго неге болбосун?!

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!