Дүйнөгө белгилүү адамдардын таң каларлык кылык-жоруктары болгон. Улуу инсандардын мындай өзгөчөлүктөрүнө адамдар кечирим жана сүймөнчүк менен мамиле кылышкан. Адамзатка кызмат кылган бай руханий казына калтырган залкарлардын айрымдарынын адаттарына баам салып көрдүк.

Антон Чехов өтө олуттуу келген адамдарга абайлап мамиле кылган: “Эгерде тамашаны түшүнбөсө – баары бүттү дей бер” деп жылмайып койгон адаты бар эле. Өзү дайыма баарын тамашага салып, жанындагыларга, анын ичинде өзүнө да күлкүлүү аттарды коюп келген. Ошол убакта анын 50дөн ашуун псевдонимдери пайда болгону маалым. Көпчүлүккө таанымал “Антоша Чехонте” псевдониминен сырткары, жазуучу «Шампанский, Шиллер Шекспирович Гете, Пациенти жок дарыгер, Чалкан жана Көк боору жок адам» деп кол коюп келген. Псевдонимдер окурманды күлкүгө салып, кызыктыргандан сырткары, юморлуу аңгеме аркылуу анын авторун тааный билүүгө мүмкүнчүлүк бериши керек болгон.

Лев Толстой бош убактысынын көпчүлүгүн көчөдө өткөрүп, активдүү эс алууну жана физикалык эмгекти сүйгөн. Эртең менен жазуучу балдар менен чогуу көнүгүүлөрдү жасап, турникке тартынган. Улгайып калганга чейин граф ат минип, отун жарып, крестьяндар менен биргеликте чөп чабыкка чыккан. Аны менен бирге велосипед тепкенди сүйгөн, анын «эки буттуу транспорту» бүгүнкү күнгө чейин үй-музейинде сакталуу турат.
Жазуучу узакка созулган саякатка чыкканды жактырган. Бир жолу ал Саратовдон Астраханга чейин кайык менен сүзүп барган. Түштөн кийинки үч сааттык сейилге чыгышы кээде узакка созулуп, жазуучу “Ясная Поляна” кыштагынан Тула шаарына чейин жөө басып жеткен күндөрү болгон.

Замандаштарынын эскерүүсүнө караганда, “Лебединое озеро” балетинин түзүүчүсү оор түрдөгү ипохондрия (ден соолугунун бекем экенинен шек санаткан психикалык оору) менен жабыркап келген. Күнүгө эки сааттык көнүмүш сейилге чыккан учурда да ал ооруп калам деп кабатырланып турган. Оор түрдөгү кайсыл бир оорунун симптомдорун өзүнөн издеген Чайковский, дарыгерлерге бат-бат кайрылып турган. Психиатр композиторго анын ден соолугу бекем экенин айтып, бардык нерсе анын мүнөзүнө байланыштуу экенин ишендирип келген. Бирок Чайковский ага ишенбей, улам башка доктурга кайрылууну адатка айланткан. Ага кошумча, композитор рефлексия менен жабыркаган: дайыма өзүнүн баскан-турганын анализдеп, жашоодогу ийгиликсиз учурларга өзүн күнөөлөгөн. Дүйнө жүзүнө таанымал композитор досторуна кат жазганда өзүнө көптөгөн терс сапаттарды ыйгарып, “я – мерзкий”, “я – гадкий”, “моя порочная натура” деген сөздөрдү колдонгон.

Николай Гоголдун бир катар өзгөчө адаттары жана кызыктуу кылык-жоруктары болгонун замандаштарынын эскерип жазганы бар. Ал олтуруп уктап, туруп алып иштеген, тамак жеп жатканда тарелкага ээгин жөлөп алчу. Өзүнүн чапанына өзү жамаачы коюп, ийне менен шарф токуй алган. Бирок, бир гана өзгөчөлүктөн сырткары, башка адаттарына жазуучу анчалык көңүл бурган эмес. Жазуучу тафофобиядан – тирүүлөй көмүлгөндөн аябай корккон. Бул коркунуч, Гоголь жаш кезинде чалдыккан безгекэнцефалит оорусунан улам пайда болгондугу айтылат. Оорудан кийин ал бат-бат эс-учун жоготуп, терең уйкуга кете турган адат пайда болгон. Дал ушундай учурларда аны “өлдү” деп эсептешкен адамдар тирүүлөй көөмп салат деп чочуган жазуучу бул коркунучтан такыр арыла алган эмес. Гоголь ал тургай анын денеси бузула баштаганда гана көмүү керектиги тууралуу мурас кат даярдаган. “Менин денемдин бузула баштаганы байкалганда гана көмүүнү мурас катары айтып кетем. Муну менен бирге мен ооруп жаткан учурда денебоюм катып, жүрөк жана тамыр сокпой кала турганын эске салам. Николай Гоголь” деп кол койгон.
Афина БАКИРОВА
№48 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 16-июну