"Эркин-Тоо"

Германиядагы TELC институту Кыргызстан менен кызматташууга даяр

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев  Франкфурт-на-Майне шаарында  «TELC gGmbH» тил институтунун башкаруучу директору Юрген Кайхердин менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен TELC институтунун ортосунда немис тилин ар кандай деңгээлде окутуу жана Германияда таанылган немис тил сертификаттарын алуу боюнча кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү талкууланды.

Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жаштар арасында немис тилине болгон кызыгуу күчөп жатканын белгиледи.

Ал эми Юрген Кайхер институттун немис тилин окутууда чоң тажрыйбасы бар экенин белгилеп, институт Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.