2025-жылдын 2-июнунда Германиянын Кёльн шаарында Экинчи дүйнөлүк согуш маалында ташталган үч жарылбай калган бомба табылды. Бул тууралуу Германиянын Stadt-Koeln маалымат агенттиги кабарлады.
Дойц районуна жакын жерде курулуш иштеринин жүрүшүндө эки 20 тонналык жана бир 10 тонналык салмактагы бомбалар табылып, алардын жардырылбагандыгы аныкталган. Мындан улам коопсуздукту камсыздоо максатында 20 миң 500дөн ашуун адам эвакуацияланды. Бомбаларды зыянсыздандыруу иштери Дюссельдорф шаарынан келген адистер тарабынан жүргүзүлүп, кечки саат 7:19да ийгиликтүү аяктады.
Кёльн шаары Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда катуу бомбалоого дуушар болгондуктан, мындай табылгалар сейрек эмес. Тарыхчылардын айтымында, согуш маалында Германияга ташталган бомбалардын 15%ы жарылбай калган. Жыл сайын Германияда орто эсеп менен 2000 тонна жарылбай калган ок-дарылар табылып, зыянсыздандырылат.