Сөз мамлекеттик гезиттер жөнүндө болмокчу. Өткөн аптада Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кыргыз Туусу” гезитинин түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган медиа форумдун жүрүшүндө эгемендүүлүктүн жылдарында мамлекеттик медианын ишин өкмөттүк мекемелер аксатканын белгилеп, тагыраагы мамлекеттик маалымат каражаттардын коомдогу ролу төмөндөгөнүн таасын айтканы, ушул макаланын жаралышына себеп болду.
Эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардын башында эле бийликтин мамлекеттик гезиттерге болгон мамилеси арсар болчу. Жаңы бийлик гезиттерди идеологиялык саясатты ишке ашыруудагы маанилүү курал катары көрө алышкан жок. Ага чейин Кыргыз ССРинин тарыхы менен үзөңгүлөш келаткан “Кыргыз Туусу” жана “Слово Кыргызстана” гезиттерине басма үйү статусун беришип, “өзүңдүн жаныңды өзүң бак” дешип, четке сүрүп коюшкан. Өкмөт кыйыр түрүндө жардам көрсөткөнү менен гезиттердин “жеңилин жерден алган” камкордук болгон эмес. Ал эми 90-жылдардан кийин ачылган “Эркин-Тоо” жана “Свободные горы” гезиттери алгач парламенттик аталышка ээ болушканы менен алар деле мамлекеттен жарытылуу колдоо алышкан жок. “Свободные горы” гезити ашкере демократ болуп, бийликке каршы позициясынан улам жабылып тынды. Облустук, райондук гезиттердин абалы дагы оор болгону менен алар мүмкүнчүлүгүнө жараша чыгышып, медиа айдыңындагы өз жолун табууга аракет кылып жатышты. Байсалов баса белгилегендей, мамлекеттик гезиттер “бир адамдын” сүрөтүн биринчи бетке чыгарып, Ак үйдүн ишааратына карап иш кылып калды.
2000-жылдардан кийин демократиянын шарапаты менен эркин гезиттердин үстөмдүгү күч алды. 2003-жылдын 14-ноябрында АКШнын колдоосу аркылуу көз карандысыз басмакана расмий ачылган күндөн баштап мамлекеттик маалымат каражаттарын алсыратуу үчүн диверсия башталды десем болот. Ошол учурдагы Президенттин коопсуздук жана коргонуу маселелери боюнча бөлүмүнүн башчысы Болот Жанузаков, өлкөнүн тышкы иштер министри Аскар Айтматов баш болгон аткаминерлер лента кесишип, маалыматтык коопсуздукка бүлүк салуучу органды түзүүгө зор салым кошушкан.
Мурдагы Премьер-министр Николай Танаевдин, “Кто поставил на колени процветающий Кыргызстан” деген эскерүүсүндө, Кант аэропортун Россияга ижарага берүү келишимине кол коюлган күндөн АКШнын бийлигинин Кыргызстанга болгон көз карашы өзгөргөнүн билдирет. Алардын таасиринен улам өлкөдө коомдук уюмдардын жана фонддордун саны кескин көбөйүптүр. “Кыска мөөнөттүн ичинде 2500 бейөкмөт уюм расмий каттоодон өткөн, бирок иш жүзүндө Кыргызстандын аймагында батыш структуралары каржылаган 5000ден ашуун коомдук уюм иштеп келген”, — дейт Танаев. Америкалыктар күтүүсүздөн гранттын алкагында Кыргызстанда маалымат каражаттары үчүн жеке басмакана ачууну чечишиптир. Ошол эле мезгилде террористтик уюмдардан маалымат агымы кескин көбөйүп жаткан шартта бул каалоосу кооптонууну жаратып, “…мен өкмөттүн токтомун чыгарып, жалпысынан басма продукциясын алып кирүүгө тыюу салдым. Анан окуу сапарын шылтоолошуп, мени шашылыш түрдө Вашингтонго чакырышты. Америкада эки күндүн ичинде 32 жолугушуу болуп, бардык жерде бир эле суроо менен бомбаландым: «Эмне үчүн резолюция кабыл алынды? Бул демократиялык эмес…
… Мен АКШдан келгенден кийин Акаев мени үйүнө чакырып: «Эгер сизге ыңгайсыз болсо, мен бул токтомду өзүм жокко чыгарайын» деп сунуштады…
Жыйынтыгында ал өзүнүн чечими менен жарлыкты жокко чыгарып, басмакананын жабдыктары алынып келинген. Бул анын чоң катасы болду. Эң негизгиси, негиздөөчүлөрдү ЦРУнун мурдагы кызматкерлери башкарган, бирок, өзүңөр билгендей ЦРУда мурдагы кызматкерлер болбойт. Жаңы басмаканада демпингдик баада жарык көргөн оппозициялык гезиттер өкмөткө жана президентке каршы чыккан маалыматтын агымына толду. Биз маалымат күрөшүндө утулуп калдык…” (“Кто поставил на колени процветающий Кыргызстан”) деп эскерет Николай Танаев.
Арадан жыйырма жыл өткөндөн кийин Николай Танаевдин кожоюну Аскар Акаев “Немецская волна” радиосуна берген маегинде, «Менин эң чоң катачылыгым — Фридом Хаус уюмуна ММКлар үчүн басмаканаларды түзүүгө уруксат бергеним…” — деп күнөөсүн мойнуна алып, басмакана ачканы үчүн Нурсултан Назарбаев менен Ислам Каримовдон жеме укканын жашырган эмес.
Аскар Акаев көз карандысыз басмакана ачуу менен бирге мамлекеттик басмакананы алсыратууга шарт түзүп берди.
Курманбек Бакиевдин бийлигинин тушунда деле мамлекеттик гезиттер жыргап кеткен жок. Эркин гезиттерге артыкчылык берилип, мамлекеттик басылмалар өз арбайын тартып калышты. Ошону менен бирге нускасы жыл санап азайып баратты.
Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев бийликке келгенде мамлекеттик гезиттерге болгон мамиле өзгөргөн жок. Тескерисинче Атамбаевдин бийлиги райондук гезиттерди жоюуга катуу киришти. 80-90 жылдык тарыхы бар гезиттер жоюлууга аргасыз болушту. Бийликтин негизги аргументи “гезиттин нускасы аз, аларды эч ким окубайт, акчаларды бекер эле талаага чачып жатабыз” деген таризде. Гезиттерди жойсо, маселе азаят деген принцип үстөмдүк кылды. Атамбаевдин Президенттик администрациясынын башчысы баш болуп мамлекеттик гезиттерди шайлоо өнөктүгүнө катыштырууга жолтоо болушту. Айтор ушундай…
Танаев учурунда террордук агымдардын келишинен чочулап, басмакана ачууга каршы болсо, азыркы күндө өлкөдө кооптуу кырдаалды жараткан коррупция, терроризм, экстремизм, трайбализм, ар түрдүү диний агымдар, кечээ жылаңач болуп чыга келген феминизм өңдүү чет жактан келип жаткан улуттук баалуулуктарга терс көз карашты жайылткан “измдердин” карааны дагы деле кабатыр кыла турган жагдайда турат.
Жакында өмүр бою гезит сатып жүргөн Чынар Мырзабаева эжекебиз, окурмандардын гезитке болгон ышкысы кайра жанданып жатканын билдирди. Гезит сатып алууга кызыкдар адамдар көбөйүп баратыптыр. Бирок, Бишкекте гезиттерди сата турган күркө жок. Мэрия күркөлөрдү зордук менен алдырып салыптыр. Мына, мамлекеттин маалымат саясатына болгон диверсиясынын бир үзүмү.
Негизи гезиттердин жашаганга акысы бар. Анткени, ал өлкөдөгү бирден-бир расмий маалымат булагы болуп эсептелет. Аны азырынча эч ким жокко чыгара элек. Гезит – калктын үнү. Эң башкысы, гезит кыргыз тилинин таратуучусу. Эң маанилүүсү – ар кандай мыйзам актылары басма сөзгө жарыялангандан кийин гана күчүнө кирет. Буга чейин жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын токтомдору райондук, шаардык гезиттерге жарыяланып, күчүнө кирип келген. Азыр жергиликтүү бийликтер электрондук порталдарды пайдаланып келишет. Бирок, порталга жарыяланган токтом, буйруктар канчалык юридикалык күчкө ээ болот экен, сураган эч ким жок.
Азыр Кыргызстан глобалдуу саясатты аныктоодо чоң сыноонун алдында турат. Маалыматтык коопсуздук ар дайым актуалдуу. Ушундан улам, мамлекеттик гезиттерди колдоо боюнча азыркы бийликтин жасап жаткан кадамдары алкоого арзыйт. Албетте, өзүн сыйлаган бийликтин, сөзүн сыйлаганы жакшы жөрөлгө.
Шекербек Калыков