Жогорку Кеңештин 11-декабрындагы жыйында мамлекеттик гимнди өзгөртүү боюнча депутаттык комиссия түзүлүп ага сегиз депутат — Жанар Акаев, Аккулу Бердиев, Бакытбек Марипов, Винера Раимбачаева, Кубаныбек Самаков, Саидбек Зулпуев, Айбек Маткеримов жана Советбек Рустамбек уулу кирди.
Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин айтымында, министрлер кабинети гимндин үч вариантын ЖКга сунуштай турган ведомстволор аралык комиссия түзөт. Кийин алар депутаттык комиссия менен иштеп чыгып, Жогорку Кеңеш үч долбоордун ичинен бирин тандап мыйзам менен бекитет.
Эске салсак, Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин парламент төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүп чыгып, апрель айына чейин комиссия түзүп, жаңы гимнди бекитүүнү тапшырган.